Япония курама командасы өздөрүнө бөлүнгөн кийим которуучу жайды тазалабаганы айтылды

Япония курама командасынын капитаны Макото Хасэбэ маалымат жыйында анын курамасы өздөрүнө бөлүнгөн кийим которуучу жайды тазалабаганы тууралуу айтты. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, буга чейин Бельгия-Япония беттешинен кийин Япония курама командасынын оюнчулары да өздөрүнө бөлүнгөн кийим которуучу жайды иретке келтирип, орус тилинде "рахмат" деген билдирүүнү калтырышканы айтылган. Япония курама командасынын капитаны Макото Хасэбэ футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунан мекенине кайткан соң уюштурулган маалымат жыйында өздөрүнө бөлүнгөн кийим которуучу жайды иретке келтирбегенин, аны тейлөөчү персоналы жасаганын айтты.

Буга чейинки оюндарда да Япония жана Сенегал курама командаларынын күйөрмандары өздөрүнөн калган таштандыларды тазалашканы белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
zzz---zzz
2018-07-05 15:22:08
Аны орто Азиянын мигранттары тазаласа керек, капитаны акыйкат сүйлөгөнү эң туура чечим.
+8
Azatbek.Svoboda.
2018-07-05 15:44:41
Орусия Япония тазалады деп жазып эле айтышып да жатышпайбы?!Кызык экенго анда кандай болуп калды?Аз кундо баары белгилуу болсо керек ким тазалаганы!
+4
talant87
2018-07-05 19:32:05
Камера каркаса бары белгилуу болот
+3
ikitaidesu
2018-07-05 22:50:49
Баары бир Япондор артында таштанды калтырбай таза жүрүшөт.
+4
Birinchiden
2018-07-06 09:52:04
Чынын айтып кетиптир Азамат!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан