Москва шаарында мектепти бүтүргөн кызына ата-энеси баасы 26 миллион рубль турган унаа белек кылышты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта айтылгандай, кыз мектепти өзгөчөлүк менен бүтүрүп, Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтуна окууга тапшырууну пландоодо.
Белек кылынган Aston Martin үлгүсүндөгү унаа 26 миллион рубль туруп, атайын кызга ылайыкталган функциялар менен толукталган. Мисалы, жаңы унаанын рулга отурганда көрүнбөгөн жайларын көзөмөл кылуучу жабдык коюлуп, ичи жана тышы атайын кызга жаккан түстөргө боёлгон.
Унаа "Aston Martin" компаниясынын башкы кеңсесинде жасалып, аны Орусияга жеткирүү милдетин "Авилон" компаниясы моюнга алган.