КҮНСЕРЕП: Шайлоодо Жээнбеков менен жетелешкен Конгантиев акталды

Бүгүн, 5-июль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Молдомуса Конгантиевдин кылмыш иши 8 жылдан кийин токтотулду. Анын жактоочусу Икрамидин Айткулов тараткан документтерде көрүнүп тургандай, УКМК Конгантиевдин аракеттеринде кылмыш курамы жок деп ишти кыскарткан. Башкача айтканда, актады. Ал эми кылмыш ишинин ушунча убакыттан кийин сотко жетпей жабылышы тууралуу адвокат президент Сооронбай Жээнбековдун Коопсуздук кеңешиндеги сөзү себеп болгонун айтат. Анда мамлекет башчы аягына чыга элек иштерди иретке келтирүү талабын койгон, ушундан кийин анын катарында Конгантиевдин кылмыш иши кайра каралган.

Эске салсак, ички иштер министри болуп турган Молдомуса Конгантиев 2010-жылдын 6-апрелинде Таласта көтөрүлгөн элди басмакчы болуп барып, бирок митингчилер тарабынан катуу ур-токмокко алынган. Анын аман калышы боюнча Талас облусун 2010-2015-жылдары башкарып турган Койсун Курманалиеванын Конгантиевди митингчилер сабап, эми асалы деп жатканда автоунаа менен алып чыгып кеткем” дегени бар. Бийликтен куулган Курманбек Бакиев 12-апрелде берген маегинде ок атууга ким буйрук бергендиги тууралуу суроого Молдомуса Конгантиевди аябай кыйнашканын уктум. “Бакиев мага аткын деген команда берди” деп айт” дешкен экен ага. Мен ага окшогон генералдарга ыраазымын” деп жооп берген. Кийин дагы бир интервьюда Конгантиевди кордогондордун бирине да кылмыш иши козголбогонун айткан.

Бийлик алмашуудан кийин ИИМ башчылыгына келген Болот Шер “Супер-Инфого” берген маегинде “Таластыктар Молдомуса Конгантиевди кармап алышкан соң агасы менен уулу “бошотуп бериңиз” деп келишти. Бөөдө өлүм болуп кетпесин деп аны алдырттым. Ага “ИИМдин госпиталында дарылаталы, качпайсыңбы?” дегенимде “качпайм” деген эле. Убадасында турбады” деген. Ал эми Убактылуу өкмөттүн төрайымынын укук коргоо органдары боюнча орун басары болгон Азимбек Бекназаров 6-7-апрель күндөрдөгү окуяга байланыштуу кылмыш иштери козголгон адамдардын сап башында Молдомуса Конгантиев турганын, анын Москва шаарынан кармалып келип, камакка алынганын айткан. Ал ден соолугуна байланыштуу үй камагында кармалган. Конгантиевге карата “кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу” жана “шалаакылык” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон эле.

2011-жылы өрттөлгөн унаанын ичинен сөөгү табылган Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча кылмыш иши ачылган. Баш-аягы бул окуяга тиешеси бар деп 17 киши кармалганын ошол кезде ички иштер министри болуп турган Зарылбек Рысалиев айткан. 17 кишиден тышкары укук коргоо органдары 2009-жылы ИИМ башчысы болуп турган Молдомуса Конгантиев бул ишке көзүн жумуп койгондугу тыкыр текшерүүгө алынарын, суракка чакырыларын айтышкан. Ошол бойдон анын жыйынтыгы билинбей калган.

Апрель окуясынан кийин экс-министр эл көзүнөн оолак жүргөн. Бирок 2017-жылы президенттик шайлоонун үгүт кампаниясында Сооронбай Жээнбековду аймактагы сапарлардын биринде коштоп жүргөнү коомчулуктун талкуусуна түшкөн.



Конгантиев учурда 60 жашта. Ички иштер министрлигине 2008-жылы дайындалып, 2010-жылдын 7-апрелинен бери мамлекеттик кызматта эмес. Ага чейин 3 жыл Бишкек ШИИБинин башчысы болуп турган. Ага карата кылмыш ишинин толук жабылышы мамлекеттик кызматка кайтууга жол ачат...

Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаевге карата козголгон экинчи кылмыш иши кайра тергөөгө жөнөтүлдү. Бүгүн Биринчи Май райондук соту ушундай чечим кабыл алып, бирок саясатчынын баш коргоо чарасын күчүндө калтыруу менен абакта калтырды. Эске салсак, 28-июнда Исаевдин Токмок шаарында мэр болуп турган кезиндеги биринчи кылмыш ишин Бишкек шаардык соту жазага тартуу мөөнөтү эскирди деп токтоткон эле.

Өткөн жылы президенттик шайлоонун үгүт кампаниясынын жүрүшүндө, тагыраагы, 30-сентябрда Өмүрбек Бабанов шайлоодон утулса, бийликти басып алууга аракет кылат деген шек менен Канатбек Исаевге кылмыш иши козголгон. Ал “кылмышка даярдануу”, “массалык баш аламандык”, “бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу” беренелери боюнча ачылган. Ошол эле күнү депутат УКМК тарабынан кармалган. Кылмыш-жаза кодексине ылайык, Исаев күнөөлүү деп табылса, бул иштин алкагында 12 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылат. Бул кылмыш иши боюнча соттук процесс башталганы менен алар жабык өтүп, журналисттерге кирүүгө уруксат берилген эмес. Кылмыш ишинде "жашыруун" грифи коюлгандыктан кеңири маалымат да берилбей келет.

Ал эми Канатбек Исаевге карата мындай кылмыш ишинин козголушуна интернетке таратылган, мамлекеттик телеканалдардан байма-бай көрсөтүлгөн күмөндүү видеотасма жана аудиожазуулар негиз болгон. Учурунда президенттик шайлоонун алдында алардын коомчулукка жарыяланышы шектүү суроолорду жараткан. Анын үстүнө Бабанов бул боюнча Исаев мени колдобогондо камалбайт эле” деп билдирген.

Эми минтип экинчи кылмыш иши кайра тергөөгө жөнөтүлдү. Бул чечим менен Канат Исаевге экинчи кылмыш ишинен да кутулуп чыгуу мүмкүнчүлүгү берилди сыягы...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан