Бельгия курама командасынын дарбазачысы Симон Миньоле менен Кыргыз күйөрманы жолукту. Бул тууралуу SUPER.KG порталына күйөрман Арсен Алтыбаев билдирди.
"Миньоле мени менен байланышка чыгып, жолугушуу сунушун киргизди. Мен макул болуп, Казань шаарында жолугуштук. Суранычымды аткарып, ал мага футболкасын белек кылды", - деди кубанычын жашыра албаган күйөрман.
Жолугушуу тууралуу дарбазачы Миньоле да өз пикирин социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. Ал Арсен менен бирге түшкөн сүрөтүн тиркеп:
"Силердин жардамыңар менен биз аны таптык. Ал жигиттин аты - Арсен. Ал Кыргыз өлкөсүнөн Орусияга саякаттап келген. Ооба, ал менин футболкама ээ болду. Ушул үчүн мен социалдык тармактарды жакшы көрөм", - деген билдирүү калтырган.
Эскерте кетсек, буга чейин Арсен Бельгия-Япония беттешинде Ливерпуль клубунун формасын кийип, Миньоленин футболкасын сураган жазууну көтөрүп турган. Кийин дарбазачы социалдык тармак аркылуу ал балага издөө жарыялаган. Ал Кыргыз жигити - Арсен Алтыбаев экени белгилүү болгон.