27-июнда Бишкектин борбордук көчөлөрүндөгү жол чуңкурларын шаар активисттери боёп чыгышты. Бул тууралуу акциянын уюштуруучусу Айбек Баратов билдирди. “Айдоочуларга тоскоолдук жаратпайлы деп жумушту таң эрте баштадык. Айдоочулар алыстан жолдо чуңкур бар экендигин көрө ала тургандай кылып ак боёк менен белгиледик. Ал эми жол бетине тартылган адамдын элесинен ар ким өзү каалаган аткаминерин элестетип алса болот. Биз атайлап бирөөнү тарткан жокпуз. Социалдык тармактын жардамы менен 10 миң сомго жакын каражат чогулттук. Алдыда бул сыяктуу иш-чараларды дагы уюштуруп турмакчыбыз”,- деди ал.