Франция курама командасы жарым финалда. Франция-Уругвай эсеп 2:0

Бүгүн, 6-июлда Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалдык беттештери старт алат. Анда "Төмөнкү Новгород" стадионунда Уругвай менен Франция курамаларынын беттеши орун алат. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө старт алмакчы. Ал эми беттештин башкы калысы аргентиналык Нестор Питана болот.

19:50. Уругвай курама командасынын тизмеси:

  • Дарбазачы: Фернандо Муслера ("Галатасарай", Түркия).
  • Коргоочулар: Диего Годин, Хосе Мария Хименес ("Атлетико", Испания), Мартин Касерес ("Лацио", Италия).
  • Жарым коргоочулар: Родриго Бентанкур ("Ювентус", Италия), Лукас Торрейра ("Сампдория", Италия), Найтан Нандес ("Бока Хуниорс", Аргентина), Матиас Весино ("Интер", Италия), Диего Лаксальт ("Женоа", Италия).
  • Чабуулчулар: Луис Суарес ("Барселона", Испания), Кристиан Стуани ("Жирона", Испания).
  • Башкы машыктыруучу: Оскар Табарес (Уругвай).

19:52. Франция курамасынын тизмеси:

  • Дарбазачы: Уго Льорис ("Тоттенхэм", Англия).
  • Коргоочулар: Лукас Эрнандес ("Атлетико", Испания), Бенжамен Павар ("Штутгарт", Германия), Самуэль Юмтити ("Барселона", Испания), Рафаэль Варан ("Реал Мадрид", Испания);
  • Жарым коргоочулар: Поль Погба ("Манчестер Юнайтед", Англия), Н'Голо Канте ("Челси", Англия), Корентин Толиссо ("Бавария", Германия).
  • Чабуулчулар: Оливье Жиру ("Челси", Англия), Антуан Гризманн ("Атлетико", Испания), Килиан Мбаппе ("ПСЖ").
  • Башкы машыктыруучу: Дидье Дешам (Франция).

19:53. Командалар оюн талаасына чыгып, алгач Уругвай курама командасынын гимни жаңырат.

19:57. Франциянын мамлекеттик гимни жаңырып, командалар беттешти баштоого даяр болушту.

19:58. Топту биринчилерден болуп оюнга Уругвай курамасы кошот.

20:00. Калыстын ышкырыгы жаңырып, беттеш старт алды.

20:01. Алгачкы мүнөттөрдөн Франция курамасы топко ээлик кылып, чабуулга чыгуу аракетин көрүүдө.

20:02. Оливье Жиру жеңил жаракат алып, беттеш убактылуу токтоп калды.

20:03. Уругвай курамасы топту тартып алып, дароо контр-чабуулга чыгышты. Лаксальт сол канаттан айып аянтчага кирип келип, өнөктөштөрүнө топту чыгарып берген, бирок уругвайлыктар сокку узатканга жетишкен жок.

20:04. Стуани айып аянтчага кирип келип, сокку узатты. Бирок сокку таамай болгон жок.

20:07. Погба атаандашынын талаа бөлүгүндө оюн эрежесин бузуп, топту алдырып жиберди.

20:08. Эрнандеске каршы оюн эрежеси бузулуп, калыс беттешти токтотту. Франциялыктар айып сокку аткарышат.

20:09. Айып соккуну Гризманн аткарып, анын чыгарып берүүсүн Варан сүзүп таамай боло албай калды.

20:10. Уругвайлыктар тез контр-чабуулга чыккан, бирок Самуэль Юмтити оюн эрежесин бузуп чабуулду токтотуп койду.

20:11. Родриго Бентанкур алыстан сокку узатты. Топ коргоочуга тийип, уругвайлыктар топту бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алды.

20:12. Кристиан Стуанинин аткаруусунда бурчтан чыгаруу ийгиликтүү болбой калды. Топ франциялыктардын карамагында.

20:13. Мария Хименес башы менен сокку узатып, бирок Льорис дарбазасын сактап калганга жетишти.

20:14. Мбаппе жакшы мүмкүнчүлүк менен колдоно албай калды. Ал айып аянтчанын ичинде коргоочулардын кароосунан бошоп, башы менен сокку узатты. Бирок сокку таамай болгон жок.

20:15. Топко ээлик кылуу боюнча статистика: Франция 59 пайыз, Уругвай - 41 пайыз.

20:16. Соккулар боюнча статистика: Уругвай 2, Франция 5.

20:17. Погба алыстан сокку аткарып таамай боло алган жок. Топ Уругвай курамасынын карамагында.

20:18. Франция курамасы атаандаштарын кысымга алып акырындык менен чабуулун баштоодо.

20:19. Антуан Гризманн командасына топту бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алып келди.

20:20. Гризманн топту бурчтан чыгарып, ийгиликтүү боло албай калды.

20:21. Паварга каршы оюн эрежеси бузулуп, калыс беттешти убактылуу токтотту.

20:23. Поль Погба оң канаттан чабуулга чыгып, анын алдынан 3 коргоочу чыгып топту алып коюшту.

20:24. Франциялыктар топко ээ болушуп, кезектеги чабуулун аткарууда.

20:25. Килиан Мбаппе атаандаштарын алдап өтүү аракетин көрүп, ийгиликсиз болду. Франция курамасы топту бурчтан чыгарат.

20:26. Гризманндын аткаруусундагы орун алган бурчтан чыгарууга анын өнөктөштөрү жеткен жок.

20:28. Толиссо айып аянтчага чыгаруу жасап, өнөктөштөрүн таба алган жок.

20:32. Лукас Эрнандес оюн эрежесин бузуп, сары айып кагаз менен белгиленди.

20:34. Мбаппе оң канаттан топко жетип, айып аянтчага чыгаруу жасаган. Бирок франциялыктар топко жеткен жок.

20:37. Бентанкур атаандашына каршы орой оюн көрсөтүп, сары айып кагазы менен белгиленди. Фрациялыктар кооптуу айып сокку аткарышат.

20:38. Го-о-о-о-о-о-о-л!!! Антуан Гризманн айып аянтчага чыгаруу жасап, Варан башы менен сокку узатканга жетишти. Топ дарбазанын сол бурчуна багытталып, Муслера аны тосуп алганга жетишпей калды.

20:42. Уругвайлыктар айып сокку аткаруу мүмкүнчүлүгүн алып аны кооптуу аткарганга үлгүрдү. Мартин Касерес айып аянтчага көтөрүлгөн топту дарбазага багыттаса, Льорис топту тосуп алганга жетишти.

20:44. Юмтити Суареске каршы эреже бузуп, уругвайлыктар айып сокку аткарганга мүмкүнчүлүк алды.

20:45. 1-таймдын негизги убактысы жыйынтыкталып, калыс 2 мүнөт кошуп берди.

20:47. Калыстын ышкырыгы жаңырып, 1-тайм аяктады.

21:02. Нестор Питана 2-таймга старт берди. Азырынча эсеп 0:1 Франция курамасы алдыда.

21:03. Уругвайлыктар оюн эрежесин бузуп, айып соккуну Антуан Гризманн аткарат.

21:04. Антуан Гризманн соккуну дарбазага багыттап, топту Муслера кыйынчылыксыз тосуп алды.

21:06. Мбаппеге каршы оюн эрежеси бузулуп, Франция курамасы айып сокку аткарат.

21:07. Айып соккуну Мбаппе аткарып, топту Муслера айып аянтчадан сырткары чыгарды.

21:09. Бенжамин Павар алыскы аралыктан сокку узатып, таамай болгон жок. Топ дарбазадан бир топ жогору өттү.

21:12. Оюндун жүрүшү бир аз жайлап калды. Учурда Уругвай курамасы чабуулун аткарууда.

21:14. Уругвай курамасында алмаштыруу орун алды. Кристиан Стуани оюн талаасынан кетсе, Макси Гомес оюнга кошулду.

21:15. Оскар Табарес курамасында дагы бир алмаштыруу орун алды. Родриго Бентанкурду Кристиан Родригес алмаштырды.

21:18. Го-о-о-о-о-л!!! Эсеп 0:2. Антуан Гризманндын соккусунан кийин Муслера катачылык кетирип, топ дарбазага кирип кетти.

21:20. Кристиан Родригес айып аянтчанын сыртынан сокку узатып, топ дарбазанын жанынан өтүп кетти.

21:24. Футболчулардын арасында чуу чыгып, оюн убактылуу токтоп калды.

21:25. Башкы калыс жанына Килиан Мбаппе менен Кристиан Родригести чакырып, аларга сары кагазын ыйгарды.

21:29. Кристиан Толиссо алыскы аралыктан сокку узатып таамай болгон жок. Топ дарбазадан бир аз жогору өттү.

21:30. Уругвай курамасында алмаштыруу орун алды. Наитан Нандестин ордуна Хонатан Уррета оюнга кошулду.

21:32. Оливье Жиру алыстан сокку узатты, топ дарбазадан 1 метр алыстыкта өтүп, Жиру таамай болгон жок.

21:35. Франция курамасында алмаштыруу орун алды. Корентен Толиссо оюн талаасын таштаса, Стивен Н'Зонзи оюнга кошулду.

21:36. Топко ээлик кылуу боюнча статистика: Франция - 58 пайыз, Уругвай - 42 пайыз.

21:37. Дарбазага багытталган сокку боюнча статистика: Уругвай - 11, Франция - 10.

21:43. Франциялыктар топту өзүнүн карамагына алып, төмөнкү ылдамдык менен чабуулга чыгууда.

21:44. Франция курамасында алмаштыруу. Килиан Мбаппенин ордуна Усман Дембеле чыкты.

21:45. Хосе Мария Хименес оюн эрежесин бузуп, франциялыктар кооптуу айып сокку аткарганга мүмкүнчүлүк алды.

21:46. Айып соккуну Гризманн аткарып, бирок таамай болбой калды.

21:47. Беттештин негизги убактысы жыйынтыкталып, калыс 5 мүнөт убакыт кошуп берди.

21:49. Франция курамасында алмаштыруу. Антуан Гризманндын ордуна Набил Фекир оюнга кошулду.

21:52. Калыстын ышкырыгы жаңырып, беттеш аягына чыкты. Франция курамасы Уругвайды 2:0 эсебинде ута алды.

21:53. Бул жеңиш менен Франция курамасы жарым финалга чыгып, анда Бразилия-Бельгия беттешинин жеңүүчүсү менен күч сынашат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
MES
2018-07-06 20:13:25
Орустар качан ойношот
+1
Modric10
2018-07-06 20:15:33
MES,эртен тунку 00 до
+1
Modric10
2018-07-06 21:55:59
MES,23 00
0
Modric10
2018-07-06 20:16:34
Францияга 2000 койдум
0
Bodibilding
2018-07-06 21:08:32
Modric10,Адам емес екенсинго.
0
arawan
2018-07-06 20:55:45
франция 4:0уругвай варан дубль погба канте
+1
iPad
2018-07-06 21:41:11
Кавани корунбойтко
-2
iPad
2018-07-06 21:42:25
Уругвай алга!!!
-1
Majit1975
2018-07-06 21:44:33
Төмөнкү болсо Новгородту деле которуп койгула да
+3
Elaigun1991
2018-07-06 23:54:49
Суарес онорун жакшы корсото албадыго,
+1
Dilzat1631
2018-07-07 10:06:52
Suarestin Portugaliaga korsotkon onoru bul jerde otpoi kaldygo chirkin
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан