Кыргыз Республикасынын Эл артисти Дүйшөн Байдөбөтов дүйнө салды

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Дүйшөн Байдөбөтов 69 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу актёрдун кесиптеши, актёр Акылбек Мураталиев SUPER.KG порталына билдирди.

"Кыргыз маданияты орду толгус жоготууга учурады. Театр жана кино актёру Дүйшөн Байдөбөтов бүгүн, 7-июлда инсульттан улам каза болду. Ал 3 жылдан бери бул дарт менен күрөшүп келген", - дейт ал.

Дүйшөн Байдөбөтов "Мен Тянь-Шань!" тасмасында Ильястын, "Ак баранын көз жашында" Базарбайдын, "Токтогул" тасмасында Токтогулдун, "Каныбек" тасмасында Түлкүбектин, "Саманчынын жолунда" Субанкулдун, соңку фильмдерде, "Белгисиз маршрутта" айдоочунун ролун ийине жеткире аткарган. Мындан тышкары театр сахнасында 100гө чукул спектаклдерде роль жараткан.

Актёрду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 9-июлда өзүнүн туулуп-өскөн Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Үч-Эмчек айылында өтөт.
Эске салсак, Дүйшөн Байдөбөтов 1949-жылы 5-январда төрөлгөн. Ал 28 жашында Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти болсо, 10 жылдан кийин Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамын алган. Ал мектепти аяктагандан кийин жубайы Кенже Исмановага үйлөнүп, 2 уул, 1 кыздуу болушкан. Актёрдун чыгармачылык жолу тууралуу бул шилтемеде.

SUPER.KG порталынын эмгек жааматы Дүйшөн Байдөбөтовдун көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (35)
Jazdyn_tany
2018-07-07 15:18:05
"Делбирим" тасмасын азыр кыргыздар менен өзбектер биригип тартып жатат го, инстаграмдан көрүп, Ильяздын ролун алгачкы болуп аткарган Дүйшөнбек агай кандай жүрөт болду экен деп ойлоп койдум эле...Ыйманы саламат болсун!
+10
nurhan2702
2018-07-07 16:46:35
Jazdyn_tany,мен дагы жакында эле ойлоп койдум эле .Ильяздын ролун аткарган учурда жаш ,курч супсулуу жигит экен эле .Жаткан жери жайлуу болсун .
+2
dobrajelatel
2018-07-07 17:04:10
Жаткан жери жайлуу болсун.
Оор жоготуу, жакындарына терен кайгыруу менен конул айтам.
+3
Begim94
2018-07-07 17:55:28
Ничего не подомно ушу созу эч эсимден кетпейт
+5
Modric10
2018-07-07 19:03:14
Begim94,эээненди урайын дегени дагы
+3
surgeon777
2018-07-07 19:04:46
Абдан чон жоготуу болду кыргыз искусствосунда!Бул суук кабарды угуп абдар жаман болдук,канчалаган рольдор ойнолбой кетти,канча эмгектерди жаратат элениз...
Жаткан жериниз жайлуу болсун дегенден башка аргабыз жок,аттин..
+3
aydinnur
2018-07-07 19:11:57
Аййе, чынында суук кабар экен (((Жаткан жери жайлуу болсун!!!
+3
satiev87
2018-07-07 19:41:22
Абдан талантту инсаныбыздан ажырадык. Жаткан жери жайлуу болсун!
+2
NURSAPAR
2018-07-07 20:02:57
Жаткан жери жайлуу болсун. ....
+2
magira
2018-07-07 20:53:02
Жаткан жери жайлуу болсун.Уй-булосуно сабр...Супер инфо силер кыргыздын чыгаан атактууларынан интнрвью алганча баары четинен кетип жатышат...
+5
Baatirbek81
2018-07-07 23:29:58
Кош Дүйшөн ага кошбол.
+3
Aruujanshaxi
2018-07-07 23:57:40
Акбараны көрүп отурдум эле,окуп жаман болуп кеттим. Аттиң жакшы адамдар өлбөс болсочу
+3
Atas
2018-07-08 02:37:56
Олум айттырбай келет .
Баарыбыз бир куну омур менен кош айтышабыз .
Дуйшон ага Кыргыз Элинин журогундо сакталып калат .
Жакындарына туугандарына терен кайгыруу менен конул айтабыз .
+2
Modric10
2018-07-08 10:10:33
копчулукко кыямат тасмасы менен таанылган эле.ошол кинодо кооп создору кызык болгон.айрыкча Жамал эжеке Бостонду чай кайнап калды ичип кет дегенде Дуйшон агабыздын,дагы эмнен кайнап калды ээненди урайын деген создору кызык туюлчу
0
senchi
2018-07-08 10:45:37
Жаткан жери жайлуу болсун
+1
Aidan88
2018-07-08 19:26:48
Jatkan jeri jailuu bolsun
0
Aikan1966
2018-07-09 09:46:02
жаткан жери жайлуу болсун ,бейиштен орун берсин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан