Бишкектин биринчи вице-мэри Ренат Макенов менен мэриянын Жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Урмат Мурзаканов коррупцияга шектүү катары камакка алынды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан 7-июлда кабарлашты.
Маалыматка караганда, алар Бишкектин №12 кичи районундагы 3,38 гектар жер тилкесинин жеке жактарга мыйзамсыз түрдө бөлүнгөнүнө байланыштуу козголгон кылмыш иштин негизинде камакка алынышты. Учурда УКМК иликтөө иштерин жүргүзүүдө.
Макенов 2016-жылдын май айынан тартып 2017-жылдын августуна чейин мэриянын Менчик муниципалдык башкармалыгын жетектеп келсе, 2017-жылдын август айынан бери биринчи вице-мэр болуп иштеп келген.