Англия курамасы Швецияны жеңип жарым финалга аттанды

7-июлда Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалдык беттештери старт алат. Анда "Самара Арена" стадионунда Швеция менен Англия курамаларынын беттеши орун алды. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө башталды. Ал эми беттештин башкы калысы голландиялык Бьорн Кейперс болду.

19:45. Швеция курамасынын тизмеси:

  • Дарбазачы: Робин Ольсен ("Копенгаген", Дания).
  • Коргоочулар: Виктор Линделеф ("Манчестер Юнайтед", Англия), Андреас Гранквист ("Краснодар", Орусия), Людвиг Аугустинссон ("Вердер", Германия), Эмиль Крафт ("Болонья", Италия).
  • Жарым коргоочулар: Эмиль Форсберг ("Лейпциг", Германия), Виктор Классон ("Краснодар", Орусия), Албин Экдаль ("Гамбург", Германия), Себастьян Ларссон ("Халл", Англия).
  • Чабуулчулар: Ола Тойвонен ("Тулуза", Франция), Маркус Берг ("Аль-Айн", БАЭ).
  • Башкы машыктыруучу: Роберто Мартинес (Испания).

19:50. Англия курамасынын тизмеси:

  • Дарбазачы: Жордан Пикфорд ("Эвертон").
  • Коргоочулар: Киран Триппьер ("Тоттенхэм"), Харри Магуайер ("Лестер"), Жон Стоунс, Кайл Уолкер ("Манчестер Сити").
  • Жарым коргоочулар: Жордан Хендерсон ("Ливерпуль"), Деле Алли ("Тоттенхэм"), Жесси Лингард, Эшли Янг ("Манчестер Юнайтед"),
  • Чабуулчулар: Рахим Стерлинг ("Манчестер Сити"), Гарри Кейн ("Тоттенхэм").

19:53. Командалар оюн талаасына чыгышты. Алгач Швециянын мамлекеттик гимни жаңырды.

19:56. Англиянын гимни жаңырып, командалар беттешти баштоого даяр болушту.

20:00. Бьорн Кейперстин ышкырыгы жаңырып, беттеш старт алды. Топту оюнга алгач Швеция курамасы кошту.

20:03. Англия курамасы топту өзүнүн карамагына өткөрүп, акырындан каршылашынын айып аянтчасына кирип келүү аракетин көрүүдө.

20:05. Деле Алли атаандашынын катачылыгы менен колдонуп топту тартып алганга үлгүрдү. Ал дароо айып аянтчага кирип барып, бирок сокку узатканга жетишкен жок.

20:11. Виктор Клаэссон алыскы аралыктан сокку узатып, бирок таамай болгон жок.

20:18. Гарри Кейн Стерлингден топту кабыл алып, дароо дарбазага багыттады. Анын узаткан соккусу таамай болбой калды.

20:21. Триппьер айып аянтчага кирип келип, Гарри Кейнге чыгарып берүү жасаган. Бирок топ коргоочуга тийип өтүп, дарбазачы топту тосуп алды.

20:24. Берг офсайд абалында болуп калбаса дарбазачы менен бетме-бет кез келмек. Бирок калыстын ышкырыгы чыгып, швециялыктардын чабуулу токтоп калды.

20:28. Эшли Янг сол канаттан чыгарып берүү аткарып, бирок топ өнөктөштөрүнө жеткен жок.

20:29. Г-о-о-о-о-о-о-л! Эсеп 0:1. Харри Магуайер бурчтан көтөрүлгөн топту башы менен дарбазага багыттап гол киргизгенге жетишти.

20:34. Хендерсон алыскы аралыктан сокку узатып, таамай болбой калды.

20:37. Топко ээлик кылуу боюнча статистика:

Англия - 58 пайыз, Швеция - 42 пайыз.

20:41. Форсбер алыскы аралыктан сокку узатты. Сокку кубаттуу болбой калгандыктан Жордан Пикфорд топту кыйынчылыксыз тосуп алды.

20:43. Стерлинг офсайд абалында болуп Англиянын мыкты чабуулу токтотулду.

20:44. Стерлинг дарбазачы менен бетме-бет келип жакшы мүмкүнчүлүк менен колдоно албай калды.

20:45. 1-таймга Бьорн Кейперс 1 мүнөт убакыт кошуп берди.

20:46. Калыстын ышкырыгы жаңырып, 1-тайм аяктады.

21:02. Бьерн Кейперс 2-таймга старт берди. Азырынча эсеп 0:1.

21:03. Маркус Берг айып аянтчага көтөрүлгөн топту башы менен дарбазага багыттап таамай болду. Бирок Пикфорд жогорку чеберчилигин көрсөтүп топту кайтарганга жетишти.

21:05. Англиялыктар топту өзүнүн карамагына өткөрүп, акырындык менен чабуулга чыгууда.

21:07. Форсберг алыскы аралыктан сокку узатып, англиялыктарды тынчсыздандырды. Анын соккусу кубаттуу болгону менен, топ дарбазадан бир аз жогору өтүп кетти.

21:09. Англиялыктар айып сокку аткарып, бул мүмкүнчүлүк менен колдоно албай калды.

21:11. Жесси Лингард алыстан сокку узатты. Анын соккусунан кийин топ коргоочуга тийип талаадан сыртка чыгып кетти.

21:14. Го-о-о-о-л! Эсеп 0:2. Деле Алли Лингарддын чыгарып берүүсүнөн кийин башы менен гол киргизип, Ольсенге тосуп алууга мүмкүнчүлүк берген жок.

21:17. Жордан Пикфорд өз дарбазасын сактап калганга үлгүрдү. Виктор Клаэссон өнөктөштөрү менен кыска пас алмашуу аркылуу айып аянтчага кирип барышып, Клаэссон таамай соккусу менен айырмаланды. Бирок Пикфорд жогорку чеберчилигин көрсөтүп топту кайтарганга жетишип калды.

21:20. Швеция курамасында алмаштыруу: Ола Тойвонендин ордуна оюнга Жон Гвидетти кошулду.

21:21. Швециялыктарда дагы бир алмаштыруу: Мартин Ольссон Эмиль Форсбергди алмаштырды.

21:22. Магуайер дарбазанын жанынан сокку узатып, таамай болбой калды. Англиялыктар жакшы мүмкүнчүлүктү коё беришти.

21:23. Лингарддын алыстан узаткан соккусун коргоочу тосуп алганга жетишип калды.

21:26. Пикфорд кайрадан дарбазасын сактап калды. Айып аянтчага чыгарылган топту Маркус Берг дароо дарбазага багыттаса, Пикфорд колунун учу менен топтун багытын өзгөртүп салганга жетишти.

21:31. Англия курамасында алмаштыруу: Фабиан Делф оюн талаасына Деле Аллинин ордуна чыкты.

21:34. Оюн убактылуу токтотулду. Эмиль Крафт жаракат алып, дарыгерлердин жардамын алууда.

21:37. Аугустинссон оюн эрежесин бузуп англиялыктар айып сокку аткарышат.

21:38. Айып соккуну Триппьер аткарып, таамай боло алган жок.

21:39. Англия курамасында алмаштыруу: Эрик Дайер Жордан Хендерсондун ордуна оюнга кошулду.

21:40. Швеция курамасында алмаштыруу. Эмиль Крафттын ордуна Понтус Янссон оюн талаасына чыкты.

21:42. Оюндун 87-мүнөтүндө башкы калыс алгачкы сары айып кагазын көрсөттү. Анын ээси Харри Магуайер болду, ал орой оюн көрсөтүп оюн эрежесин бузган.

21:43. Жон Гвидетти оюн эрежесин бузуп, сары айып кагазы менен белгиленди.

21:44. Магуайер оюн эрежесин бузуп, швециялыктар кооптуу айып сокку аткарганга мүмкүнчүлүк алды.

21:45. Айып соккуну Людвиг Аугустинссон аткарып таамай болгон жок. Топ дарбазадан бир топ алыс өттү.

21:46. Англия курамасында алмаштыруу: Рахим Стерлингдин ордуна оюнга Маркус Рэшфорд кошулду.

21:47. Беттештин негизги убактысы аягына жетип, калыс 5 мүнөт кошуп берди.

21:49. Ларсон Кейнге каршы оюн эрежесин бузуп сары айып кагазы менен белгиленди.

21:51. Калыстын ышкырыгы жаңырып Англия курамасы 2:0 эсеби менен Швецияны жеңип алды.

21:52. Бул жеңиш менен Англия курамасы жарым финалга чыгып, анда Орусия менен Хорватия беттешинин жеңүүчүсү менен беттешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Abdullatif
2018-07-07 19:58:24
Англия утат
0
Modric10
2018-07-07 19:59:01
Швеция женсе экен. алга Швеция
+2
rysik79
2018-07-07 20:12:29
Топ чечет
-2
jalguzum
2018-07-07 20:31:45
Англия 1гол урду
0
aiba.8327
2018-07-07 20:31:59
Россия Хорватия саат канча да ойношот тууганда ....
-1
jalguzum
2018-07-07 20:33:08
aiba.8327
Москванын сааты боюнча 21:00
-1
aiba.8327
2018-07-07 20:34:43
Мм Рахмат
-1
jike
2018-07-07 20:59:11
ктрк спорт неге корсотпой жатат
0
Makkambaev97
2018-07-07 21:44:55
jike, КТРК спорттон элэ коруп жатам
0
aksuu_aduk
2018-07-07 23:31:19
Англия чемпион болот куда кааласа
0
Kylychisa
2018-07-07 23:49:06
aksuu_aduk,Мен да ошентип ойлойм.
-3
Adi.Avazbekov
2018-07-07 23:59:06
aksuu_aduk,belgia bolot
-4
Dembele84
2018-07-08 03:21:28
Копчулугу куткондой эле Англия кучтуулук кылып,жарым финалга чыгып кетти,
1/2 финал
Англия-Хорватия
Франция-Бельгия
Ото сонун командалар чыкты!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан