Деңизде 1 жыл 6 ай мурун жоголгон аял тирүү табылды

Индонезияда 1 жыл 6 ай мурун деңизде жоголгон аял тирүү табылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, куткаруучулар аны ал жоголгон пляжда ошол эле кийими менен табышкан. 2017-жылдын январь айында 52 жаштагы Нининг Сунарсих Ява аралында жайгашкан Сукамбуми шаарына жакын жерде эс алып жаткан. Күбөлөрдүн айтып берүүсүндө күтүүсүздөн келген чоң толкун Сунарсихти кум жээктен деңизге тартып кеткен. Толкун катуу жана чоң болгондуктан бир дагы адам аны куткарууга бел байлаган эмес.

Куткаруучулар аялды бир нече жума издешип эч кандай жыйынтык чыкпагандыктан издөө иштерин токтотуп койгон. Бирок Сунарсихтин туугандары аны өлдү деп эсептегенден баш тартып өз алдынча издөөнү улантышкан. 30-июнь күнү алар Нининг Сунарсихти жоголгон жеринен алыс эмес жерде жайгашкан пляждан таап алышкан.

1,5 жыл мурун жоголгон Сунарсих эс учун жоготкон абалда табылып дароо ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер анын абалы оор экенин, бирок жакында абалы турукташарын билдиришкен.

Азыркы тапта 1 жыл 6 ай дайынсыз болгон Сунарсихтин иши иликтенүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
aipo89
2018-07-08 10:46:44
Таң калыштуу жагдай болуптур.Аман-эсен табылыптыр жакшы.
+15
bond02
2018-07-08 11:27:30
Жашап кетсин эми, кинодогудай болуптур го.
+13
Isken.der
2018-07-08 11:32:45
Аллах ырыскысын үзбөсө, кандай нерсе болсо да себеп боло албайт өлүмгө
+34
karakulja
2018-07-08 13:14:40
Эркек соройу башка катын алып алса керек уже.
-6
Bolunbo.kyrgyz
2018-07-08 13:18:26
karakulja, сен тийип албайт белен
+10
satiev87
2018-07-08 13:57:50
Эмне жеп чыдады экен 1 жыл 6 ай?
+9
monster_high_98
2018-07-08 15:16:38
Аябай кызыктуу окуя,эсине келсе интервью алыш керек экен,сыры эмнеде
+6
Eli.91
2018-07-08 16:56:02
Аллах Тааламдын кудурети менен аман калыптыр?бул да болсо Аллах Тааламдын кереметтеринин бири.
+5
emirchik
2018-07-09 22:41:17
1.6 ай кантип чыдап журдукен Куйон сагынгандыр аябай!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан