Таиландда үңкүрдө табылган балдар куткарыла баштады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.
Маалыматка ылайык, 13 суу алдында сүзүүчү адистерден турган топ үңкүрдүн алыскы аймагына киришти. Куткаруу операциясынын штабынын жетекчиси Наронгсака Осоттанаконы билдиргендей, балдардын алгачкылары үңкүрдөн 10 сааттан кийин, тактап айтканда, Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө чыга башташат.
Азыркы тапта үңкүрдүн кире беришинде турган журналисттер жана үңкүрдөгү футболчулардын жакындары ал жактан кетирилди. Тхам Луангдын алдында 13 "Тез жардам" кызматынын унаалары күзөт кылууда.
Эскерте кетсек, Таиланддын түштүгүндө жайгашкан Чиангмай провинциясындагы үңкүргө 12 футболчу жана алардын 25 жаштагы машыктыруучусу киришип суунун айынан чыга албай калышкан. Куткаруучулар аларды 10 күндөн кийин гана табышкан.