Орусия улуттук курама командасынан 2 футболчу кетти. Бул тууралуу курама команданын Твиттер социалдык тармагындагы расмий баракчасында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, Орусия улуттук курама командасындагы карьерасын жыйынтыктап жаткандыгы тууралуу 33 жаштагы "Спартак" футболдук клубунун жарым коргоочусу Александр Самедов билдирген. Муну менен катар эле улуттук курама командадан кетип жаткандыгын "ЦСКА" клубунун коргоочусу Сергей Игнашевич да билдирген.
Самедов өз сөзүндө чейрек финалдагы оюн ал үчүн акыркы болгонун билдирсе, ал эми Игнашевич эгерде Дүйнө чемпиондугу болбосо мындан мурда эле кете турганын айткан.
"Азыркы тапта мен сүйүнүп, жан дүйнөм тынч алып турган кез. Анткени карьерамды мыкты командада, мыкты машыктыруучу жана эң мыкты оюнчулар менен аяктап жатам", - деп билдирген Игнашевич.
Айта кетсек, Дүйнө биринчилигинин чейрек финалдык баскычындагы беттеште Орусия улуттук курама командасы Хорватия курамасына пенальтилер сериясында 2:3 эсебинде жеңилип калган.