Ош-Бишкек жолунда кен казган ишканага таандык жол тандабас менен жүк ташыган унаа кагышып, бир айдоочу каза болду

Ош-Бишкек унаа жолунда жүк ташыган Портер менен Лексус LX-470 унаасы кагышып, бир айдоочу каза болду. Кырсык 7-июль күнү түшкү саат 13:40 чамасында Токтогул районунун аймагында болгонун SUPER.KG'ге Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз өкүлү Айбек Сатыбалдиев кабарлады.

Маалым болгондой, Лексус LX-470 унаасы Чаткал районундагы "Кичи-Чаарат" кен казуучу ишканасына таандык болуп, аны 1988-жылы туулган Б.С.Б. аттуу жаран башкарып бараткан. Бирок унааны башкара албай калып, каршы тилкеде келе жаткан Портер менен кагылышып кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен Портердин 1982-жылы туулган Н.Калбаев аттуу айдоочусу оор жаракат алып, ооруканага баратканда каза болгон. Ошондой эле Портерде бараткан 1977-жылы туулган Токтогул районунун тургуну жаракат алып, райондук ооруканага жаткырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан