Бүгүн, 9-июлда Кыргыз киносунун алпы, белгилүү актёр Дүйшөн Байдөбөтовдун сөөгү өзү туулуп өскөн Ысык-Ата районунун Үч-Эмчек айылында жерге берилди.
Актёрду акыркы сапарга узатууга маданият жана бийлик өкүлдөрү, маркумдун кесиптештери жана жакындары келди.
Кыргыз Республикасынын Эл артисти, чыгаан актёр, кайталангыс талант Дүйшөн Байдөбөтов 1949-жылы 5-январда атасы 73, апасы 49 жаш кезинде туулган. 1-классында атасынан, 5-классында апасынан айрылган. 9-классты аяктаган соң №5-мектеп интернатында билим алган. Аны менен катар борбордогу театралдык студиядан билим алып, Мамат Жакыпов деген режиссёрдун сунушу менен алгачкы жолу Алайга театрда иштөө үчүн барган. Кийин Фрунзеде сынак жүрүп жатканын угуп, ага катышуу үчүн келген. Жыйынтыгында 500 кишинин ичинен 27 студент тандап алынып, Москвадагы театралдык окуу жайга тапшыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Албетте, алардын арасында Дүйшөн Байдөбөтов да болгон.
1971-жылы окуусунун акыркы курсунда "Мен Тянь-Шань" фильмине актёрлор тандалып, кинопробага катышкан бир топ талапкерлердин арасынан Динара Чочунбаева экөө кастингден өтүшкөн. Кино жарыкка чыгары менен бүтүндөй Кыргызга аты таанылган. Тасмага тартылганы үчүн 1800 рубль гонорар төлөнүп, аны ай сайын 70-80 рублдан бөлүп берип турушкан. Актёрдун айтымында, аталган кинодон тапкан каражатына 2 керебет менен муздаткыч сатып алган.
Мектепте чогуу окуп, окуучу кезинен жактырып жүргөн сүйүктүүсү Кенже Исмановага үйлөнгөн. Ага мектепти аяктап, бүтүрүү кечеси болуп жаткан учурда сүйүүсүн билдирген. Аны башка бирөө ала качып кетпесин деген ойдо алгач үйлөнүп, андан соң окууга тапшырып Москвага кеткен.
Актёр 28 жашында Кыргыз Республикасынын Эмгек Сиңирген артисти, 38 жашында Эл артисти наамын алган.
Кыргыз киносунун чолпон жылдызы Дүйшөн Байдөбөтов 7-июль күнү оорудан улам көз жумган.