Айжан Съездбекова жана Чыңгыз Султай шахмат боюнча Анатолий Карповдун кубогун жеңип алышты

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өспүрүмдөр арасында шахмат боюнча Анатолий Карповдун кубогу жыйынтыкталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына уюштуруучулар билдирди.

Аталган мелдеш 28-июндан 8-июлга чейин өткөрүлүп, ага Беларусь, Казакстан жана Кыргыз өлкөсүнүн 80ге жакын спортчулары катышкан. Жаш спортчулар 6, 8, 10, 12 жашка чейинки шахматчылар арасында 8 медалдар топтому үчүн күч сынашып, жеңүүчүлөр аныкталды.

Жеңүүчүлөрдүн арасында Дүйнө чемпиондугунун коло медалынын ээси Чыңгыз Султай жана Азия чемпиону Айжан Съездбекова болду.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземине Орусиянын депутаты, шахмат боюнча 3 жолку дүйнө чемпиону Анатолий Карпов жана эл аралык шахмат федерациясынын вице-президенти Георгиос Макропулос катышты.

Эркектер арасында

6 жашка чейинки категорияда:

1-орун: Дастан Ибраимов;

2-орун: Шабдан Токтобеков;

3-орун: Намыс Токтаалиев.

8 жашка чейинки категорияда:

1-орун: Чыңгыз Султай;

2-орун: Эмир Шаршенбеков;

3-орун: Батырхан Ли.

10 жашка чейинки категорияда:

1-орун: Владимир Кононенко;

2-орун: Алихан Алишеров;

3-орун: Селим Атамбаев.

12 жашка чейинки категорияда:

1-орун: Михей Науменко;

2-орун: Мади Раймагамбетов;

3-орун: Таалайбек Жайнаков.

Кыздар арасында:

6 жашка чейинки категорияда:

1-орун: Айжан Сабырбекова;

2-орун: Анандамэй Даулет;

3-орун: Акерке Жанатова.

8 жашка чейинки категорияда:

1-орун: Айжан Съездбекова;

2-орун: Адриана Миннуллина;

3-орун: Агния Куш.

10 жашка чейинки категорияда:

1-орун: Рамина Абдурахманова;

2-орун: Сабина Сулайманова;

3-орун: Аделина Султанова.

12 жашка чейинки категорияда:

1-орун: Айша Ален;

2-орун: Иманнур Момункулова;

3-орун: Аиза Орозбекова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Suzak12
2018-07-09 13:03:48
Карповдун кандай адам экенин билбеймго бирок бир передача да жаш балага тенелип ыйлатып койгону ото деле жакшы эмеско деп ойлойм.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан