Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин илимий кызматкери 26-июнда 2-курстун студентинен 20 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы билдирет. Акча берген студенттин айтымында, кызматкер кышкы жана жайкы сессиясын бүтүрүп берүү үчүн аталган сумманы талап кылган. Учурда факты боюнча тергөө амалдары башталды.