Румыниянын прокурору Лаура Ковеши кызматынан бошотулду. Кыргыздын депутаттары аны Айга, Күнгө теңешкен
Румыниянын президенти Клаус Иоганнис Коррупцияга каршы улуттук башкармалыгынын башкы прокурору Лаура Ковешини кызматтан бошотуу тууралуу буйрукка кол койду. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, 30-июнда өлкөнүн Конституциялык соту өзүнүн чечими менен президентти аталган буйрукка кол коюуга милдеттендирген. Өлкө башчы Конституциялык соттун чечимине баш ийгенин "Конституцияны жана мыйзамды сыйлайм" деп түшүндүрдү.
Айта кетсек, Лаура Ковеши жетектеген башкармалык кыска убакыттын ичинде эле министрлер, депутаттар, отуздан ашуун мэр, жүздөгөн сот, прокурорлор, мамлекеттик компаниянын жетекчилери, бажы жана полиция кызматкерлери фигурант болгон миңдеген кылмыш иштерин козгогон. 4 жыл аралыгында 1 миң 500дөн ашуун кылмыш ишин сотко жеткирген. Коррупцияга айыпталгандардын дээрлик 90 пайызы кармалып, соттолуп, кийин мүлкү мамлекеттин эсебине чегерилген. Бир эле 2016-жылы конфискацияга алынган каражаттын жалпы көлөмү 670 миллион еврого чамалаган. Коррупцияга каршы жарыяланган күрөштүн жыйынтыгында өлкөнүн ИДП көрсөткүчү 5 пайызга өскөн.
Мындан улам быйыл апрель айында Жогорку Кеңеште башкы прокурор кызматына Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлиги каралып жатканда депутаттар Жыргалбек Турускулов, Жанар Акаев Жамшитовго Румыниянын башкы прокурорунан үлгү алууну сунушташкан.