Көлмө жаңы конушуна бала бакча куруу үчүн жана Дордой жаңы конушуна жаңы мектеп куруу үчүн 2013-жылы шаардык бюджеттен 30 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов бүгүн, 27-июнда отчёт берип жатып маалымдады. Ошондой эле ал шаардын көрүнүшүн жакшыртуу үчүн иштер алынып барып жатканын билдирди. “Быйылкы жылы шаарда 33 балдар аянтчасы курулду”,- деп кошумчалады шаар башчы.