Таиланддагы үңкүрдө камалып калган өспүрүмдөрдүн ичинен 8 бала куткарылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.
Маалыматка караганда, 8-июль күнү 4 бала куткарылса, 9-июль күнү куткаруу иштеринин уланышы менен дагы 4 бала үңкүрдөн чыгарылган. Учурда үңкүрдө куткарыла элек дагы 4 бала калды.
Эске салсак, Таиланддын түштүгүндө жайгашкан Чиангмай провинциясындагы үңкүргө жергиликтүү клубда ойногон өспүрүм курактагы 12 футболчу жана алардын 25 жаштагы машыктыруучусу кирген бойдон чыга албай дайынсыз жоголушкан. Куткаруучулар аларды 10 күндөн кийин гана табышкан. Алардын чыга албай калышына катуу жамгырдан кийин суу көбөйүп, жолду жаап калганы себеп болгон. Куткаруу иштери 8-июль күнү эртең менен башталып, 13 суу алдында сүзүүчү адистерден турган топ үңкүрдүн алыскы аймагына киришкен.