Бокс боюнча Кыргыз курама командасы Азия оюндарына даярдануу максатында окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирет.
Маалыматка ылайык, 18-август - 2-сентябрь аралыгында Индонезияда өтө турган Азия оюндарына Кыргыз мушкерлер Ысык-Көл облусунда даярданууда. Бокс боюнча Кыргыз курамасы 4-25-июль аралыгында окуу-машыгуу жыйындарын Тамга айылында өткөрүүдө. Башкы машыктыруучу Данияр Жусубалиев аталган жыйындарга 22 мушкерди чакырган, алардын арасында эл аралык даражадагы спорт чебери Азат Үсөналиев бар.
Кыргыз курамасынын тизмеси:
- 49 килограммга чейинки салмак ченинде:
- Мирлан уулу Түркбай - спорт чебери;
- Асакул Султан уулу - спорт чеберине талапкер;
- 52 килограммга чейинки салмак ченинде:
- Азат Үсөналиев - эл аралык даражадагы спорт чебери;
- Жаныбек Мусаев - спорт чебери;
- 56 килограммга чейинки салмак ченинде:
- Сирожидин Абдуллаев - спорт чебери;
- Алманбет Алибеков - спорт чебери;
- Абдувахоб Канат уулу - спорт чеберине талапкер;
- Санжар Сейдакматов - спорт чеберине талапкер;
- 60 килограммга чейинки салмак ченинде:
- Кадырбек Арген уулу - спорт чебери;
- Фарида Пупова - спорт чеберине талапкер;
- Сейтбек Мунарбек уулу - спорт чебери;
- Умар уулу Кубаныбек - спорт чеберине талапкер;
- 64 килограммга чейинки салмак ченинде:
- Бек Камчыбеков - спорт чебери; 64 килограмм
- Нурлан Кобашев - спорт чебери; 64 килограмм
- Абдурахман Абдурахманов - спорт чеберине талапкер; 64 килограмм
- 69 килограммга чейинки салмак ченинде:
- Адилет Батыралиев - спорт чебери;
- Ильяс Муканбетов - спорт чебери; 69 килограмм
- Рустамбек Нурадин уулу - спорт чеберине талапкер; 69 килограмм
- 75 килограммга чейинки салмак ченинде:
- Ильяс Акматалиев - спорт чебери; 75 килограмм
- 81 килограммга чейинки салмак ченинде:
- Алишер Чаткалбеков - спорт чебери; 81 килограмм
- 91 килограммга чейинки салмак ченинде:
- Ахмед Усупов - спорт чеберине талапкер; +91 килограмм
Башкы машыктыруучу: Данияр Жусубалиев;
Ага машыктыруучулар: Кенжебек Акелбаев жана Жылдыз Ниязалиев.