Орусиянын Таганск районунда полиция кызматы Кыргыз мигранттарын кармап райондук полиция бөлүмүнө жеткирүүдө. Мындай маалыматты Орусияда иштеген айрым Кыргыз жарандары социалдык түйүндөрдөгү өздүк баракчалары аркылуу таратууда.
Андагы маалыматтарга токтолсок, 70ке жакын Кыргыз жараны кармалып, айрымдары 5 миң, 10 миң рубль берип чыгып жатышат. Учурда 30 жаран эч кандай шарты жок бөлмөдө кармалып турганы жазылууда. Ал эми бул тууралуу мигранттардын юристи Валентина Чупик буларды билдирди.
"Полиция бөлүмүндө 30га жакын адам кармалып турат. Эмне себептен кармалганын полиция түшүндүрүп берген жок. Кыргыздарды кармоо түн жарымында башталган. Мага кайрылгандардын айтуусунда, алар таңкы саат 6:00дөн бери полиция бөлүмүндө жүрүшөт. Аларды кыргыз болгону үчүн камашкан. Негизи кыргыздарды кармап, камап коюу көнүмүш адатка айланган. Мен жарандардан кимдин документи туура, так болсо, алып келүүсүн айткам. Болгону 7 гана адам алып келди. Бул кармалган жарандардын да документтеринде маселе бар экенинен кабар берет", - деди юрист Чупик.
Ал эми Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчисинин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына окуя боюнча жооп кайтарды. "Биз Кыргыз мигранттары менен байланыштабыз, учурда документ текшерүү жүрүп жатат", - деп билдирди элчиликтен.
Орусиянын президенти Владимир Путин 27-июнда мигранттарды каттоо эрежелери боюнча мыйзамга кол коюп, мыйзам 8-июлда күчүнө кирген. Ага ылайык, Орусияда иштеп жүргөн чет өлкөлүк жарандар иштеген жерине эмес, жашаган жери аркылуу гана каттоого туруусу зарыл.