Таиландда үңкүргө камалып калган 12 окуучу жана машыктыруучу куткарылды

Таиландда үңкүргө камалып калган 12 окуучу жана машыктыруучу куткарылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, куткаруучу топ акыркы 12-окуучуну жана машыктыруучуну Кхао Луанг үңкүрүнөн алып чыгышты. Алар Бишкек убактысы боюнча саат 16:43тө чыгышкан. Акыркы болуп чыккан футболчу жана машыктыруучу Эк учурда талаа госпиталына багыт алышты. Дарыгерлердин айтымында, балдардын абалы канааттандырарлык.

Айта кетсек, 23-июнь күнү 12 окуучу машыктыруучусу менен бирге Таиланддын Хуахани шаарына жакын жердеги тоого барып үңкүргө киришкен. Ошол учурда жамгыр жаап, үңкүрдүн ичи сууга толуп, алар чыга албай камалып калышкан. Жоголгон балдарды издөө иши 24-июнда башталып, бирок эч натыйжа чыккан эмес. Аларды арадан 9 күн өткөндөн кийин табышкан.

Балдарды куткаруу учурунда куткаруучу топтун мүчөсү болгон 1 суучул каза болгон. Маалыматтар боюнча ал абанын жетишсиздигинен улам көз жумган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Zamka79
2018-07-10 18:59:56
Азаматтар
+3
Gulnyr19
2018-07-10 20:56:11
Кудайга шүгүр алып чыгыптыр
+2
rysik79
2018-07-10 21:30:55
Эн сонун кабар. Жакшы болуптур баары аман- эсен.
+4
Nurgul_35
2018-07-11 10:09:45
Куткаруучу каза болгону жаман болуптур.
0
Kymbatym
2018-07-11 10:31:08
Аба жок ысык дем кысылып кетсе керек
0
Ferdews
2018-07-11 11:13:59
Ушунча кун эмне жешти экен?
0
Kunbeken
2018-07-11 12:33:32
жакшы кабар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан