Режеп Тайип Эрдоган Түркиянын каржы министри кылып өзүнүн күйөө баласын дайындады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, Түркиянын кайра шайланган өлкө башчысы Режеп Тайип Эрдоган өкмөттүн жаңы курамын бекитти. Анда каржы министри кызматын президенттин күйөө баласы Берат Албайрак ээледи.
Берат Албайрак буга чейин энергетика жана жаратылыш ресурстар министрлигин жетектеп келген. Жалпысынан өкмөттүн жаңы курамына 16 министр кирген. Биринчи вице-президент болуп мурдагы премьер-министр Бинали Йылдырымдын кеңешчиси Фуат Октай дайындалды.
Түркиянын Баш мыйзамына кирген өзгөрүүлөргө ылайык, өлкөдө премьер-министр кызматы жоюлду, ал эми өкмөттүн башында президент өзү турат.
Айта кетсек, 24-июнда Түркияда мөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп, анда Режеп Тайип Эрдоган добуштардын 52,5 пайызына ээ болуп жеңип чыккан.