Бишкек мэриясы социалдык тамактандыруу уюмдарынын абалын жакшыртуу үчүн донорлорго гранттык жардам сурап кайрылган

"Балдардын ден соолугун бекемдөөдө социалдык тамактандыруу чоң роль ойнойт".  Мындай пикирди Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов бүгүн, 27-июнда шаардык кеңештин 6-сессиясы учурунда билдирди. “Шаардагы 92 мектепте жана 81 бала бакчада социалдык тамактандыруу жүргүзүлөт. Мекемелердин ашканалары оңдоп-түзөөгө муктаж, ашкана жабдууларынын абалы да маселе жаратат”,- деди шаар башчы. Айтымында, социалдык тамактандыруу департаментинин үстүнөн жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжасында мектептерде жана бала бакчаларда тамактандыруунун абалын жакшыртуу үчүн жаңы программалар иштелип чыккан. Ошондой эле ал социалдык тамактандыруу уюмдарынын абалын жакшыртуу үчүн донорлорго гранттык жардам сурап кайрылганын билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан