Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун соңуна чыгууга аз эле калды. Азыркы тапта 32 командадан 4 курама гана калып, алар эми жарым финалда күч сынашмакчы.
Жарым финалдык бөлүккө аттанган командалардын арасынан Англия (1966) менен Франция (1998) курамалары буга чейин Дүйнө чемпиондуктарын жеңгенге үлгүргөн. Хорватия курамасынын эң жогорку жетишкендиги 3-орун (1998) болсо, Бельгия курамасы буга чейин 4-орунга (1986) гана татыган.
SUPER.KG порталы элге аты таанымал белгилүүлөрдөн сурамжылоо жүргүзүп, кимиси кайсы командага жан үрөп жатканына кызыгып көрдү.
Азамат Байматов, футболчу:
"Мен Испанияны колдочумун. Бирок машыктыруучусу алмашып, команда, тилекке каршы, мыкты оюнун көрсөтө алган жок. Дүйнө чемпиону башында эле Европадагы командалар арасында болот дегем. Учурда 4 команда калды, алардын баары Европадан. Менин оюмча, Франция менен Бельгия курамаларынын беттешинин жеңүүчүсү бул биринчиликте чемпиондукка ээ болот деп ойлойм".
Абай Молдоканов, Кыргыз Республикасынын дзюдо федерациясынын вице-президенти.
"Мелдештин башынан баштап эле Франция жана Орусия курамасын аябай жактыргам. Франция курамасынын келечеги кең, башкаларга салыштырмалуу күчтүүрөөк командадай сезилет. Ошондой эле Орусия курама командасынын мүнөзү курч, машыктыруучусу дагы мыкты экенин далилдеди. Мелдештин башында орусиялыктар уюшкандыгын көрсөтө албай келсе дагы мен аларды плей-офф баскычына чейин жетет деп ишенгем. Азыркы тапта Орусия мелдештен четтетилип, Франция курамасы жарым финалга аттанды. Анын жарым финалдагы атаандашы Бельгия курамасы дагы күчтүү командалардын бири. Менин оюмча, Дүйнө чемпиондугунун финалында Франция менен Англия курамалары кездешип, Франция жеңүүчү аталат".
Урмат Усенов, ырчы:
"Дүйнө чемпиондугу алдын ала айтууга мүмкүнчүлүк болбогондуктан абдан кызыктуу болуп жатат. Биз финалдык этаптарда күткөн Германия, Испания, Бразилия курамалары мелдештен четтетилип, күтпөгөн Орусия курамасы чейрек финалга чейин өтүп кетти. Мелдештин башынан эле 3 курама командага күйөрмандык кылып келгем, алар Португалия, Хорватия жана Бельгия. Португалия мелдештен четтетилип, 2 команда калды. Эми Бельгия курамасы жеңишке жетсе деп үмүттөнөм. Анткени Бельгия - бул жаңы курам, дүйнөнүн мыкты футболчуларынан түзүлүп өзүнүн оюну менен башкалардан айырмаланып турат. Ошондуктан Бельгия курамасы жеңишке жетет деп ойлойм".
Бахтияр Дүйшөбеков, футболчу:
"Бул чемпиондукта Бразилия курамасына жан үрөп келдим. Бразилия курамасында мыкты оюнчулар чогулуп, жакшы оюн көрсөтүп келишкен. Бирок, тилекке каршы, ийгилик аларга жылмайбай калды. Менин оюм боюнча, бул биринчиликте Франция курама командасы жеңишке жетет деп ойлойм. Алардын оюну мыкты, жакшы оюн көрсөтүшөт".
Мирбек Атабеков, ырчы:
"Мен футболду жакшы көрөм, бирок белгиленген бир курама үчүн жан тартып, бир команданын күйөрманымын деп айта албайм. Бул Дүйнө чемпиондугу кызыктуу учурларга бай болуп, көп күтүүсүздүктөр болууда. Мелдештин жыйынтыгында жеңишке Франция курама командасы жетиши керек".