"Бейиштей болгон Бейшеке айылында таза суу жок" деген билдирүүсүн окурман "Соңку кабар" бөлүмүнүн "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына жөнөткөн.
Окурмандын айтымында, Кемин районуна караштуу Кара-Булак айыл өкмөтүндөгү Бейшеке айылында таза суу маселеси көптөн бери чечилбей келет.
"Ааламга жол айылдан башталат" демекчи, 2018-жылды аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялаганы менен биздин айылда эч кандай өзгөрүү жок. Илгертеден келе жаткан таза суу маселеси дагы да болсо курч бойдон калууда. Ичүүчү суунун жетишсиздигинен жана убагында чыкпаганынан айыл тургундары арыктагы сууну тундуруп, кайнатып ичүүгө мажбур болушат. Айыл башында жайгашкан суу бөлүштүрүлүүчү жайдын абалы мышык ыйлай тургандай. Ал жакта мал кечип жүрөт, суу тазалаган атайын жабдыктар жакшы иштебейт, эскилиги жеткен", - дейт окурман.
Арыктан кир сууну ичип жатып балдар ар кандай жугуштуу ооруларга чалдыгып жатканын окурман кошумчалаган.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.