Франция курамасы Бельгияны утуп 12 жылдан кийин кайрадан финалга аттанды. Куртуа дарбазасын мыкты коргогону менен командасын сактай алган жок

11-июлга караган түнү Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун алгачкы жарым финалдык беттеши орун алат. Анда "Санкт-Петербург" стадионунда Франция менен Бельгия курамаларынын беттеши өтмөкчү. Беттештин башкы калысы Андрес Кунья (Уругвай) болуп, беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 00:00дө башталат.

23:45. Франция курамасынын тизмеси:

Дарбазачы: Уго Льорис ("Тоттенхэм", Англия).

Коргоочулар: Лукас Эрнандес ("Атлетико", Испания), Бенжамен Павар ("Штутгарт", Германия), Самуэль Юмтити ("Барселона", Испания), Рафаэль Варан ("Реал Мадрид", Испания);

Жарым коргоочулар: Блез Матюиди ("Ювентус", Италия), Поль Погба ("Манчестер Юнайтед", Англия), Н'Голо Канте ("Челси", Англия).

Чабуулчулар: Оливье Жиру ("Челси", Англия), Антуан Гризманн ("Атлетико", Испания), Килиан Мбаппе ("ПСЖ").

23:47. Бельгия курамасынын тизмеси:

Дарбазачы: Тибо Куртуа ("Челси", Англия).

Коргоочулар: Тоби Алдервейрелд ("Тоттенхэм", Англия), Венсан Компани ("Манчестер Сити, Англия), Ян Вертонген ("Тоттенхэм", Англия);

Жарым коргоочулар: Насер Шадли ("Вест Бромвич", Англия), Кевин де Брюйне ("Манчестер Сити", Англия), Муса Дембеле ("Тоттенхэм", Англия), Маруан Феллайни ("Манчестер Юнайтед", Англия), Эден Азар ("Челси", Англия), Аксель Витцель ("Тяньцзинь Цюаньцзянь", Кытай);

Чабуулчу: Ромелу Лукаку ("Манчестер Юнайтед", Англия)

23:54. Командалар оюн талаасына чыкты.

23:55. Алгач Франциянын, андан соң Бельгиянын гимни жаңырды.

23:56. Аталган оюнга Франциянын президенти Эммануэл Макрон өз өлкөсүнүн курамасына күйөрмандык кылуу үчүн келген. Ал эми Бельгия курама командасын колдоо үчүн падыша Филипп жана ханайым Матильда келген. Ошондой эле көрүүчүлөрдүн арасынан "The Rolling Stones" музыкалык тобунун жетекчиси белгилүү музыкант Мик Жаггерди көрүүгө болот.

00:01. Оюндун башталышында эле Килиан Мбаппе топту айып аянтчасына чыгарууга аракет кылды. Бирок коргоочулардын бири топту тартып алганга жетишти.

00:03. Насер Шадли топту айып аянтчага чыгарып берүү аракетин көрүп, бирок топ таамай болбой оюн талаасынан чыгып кетти.

00:04. Кайрадан эле Насер Шадли айып аянтчасына кирип келип топту тепкенге үлгүргөн жок.

00:05. Бельгия курама командасы бурчтан чыгарып берүү мүмкүнчүлүгүн алып андан майнап чыгара алган жок.

00:10. Франция курама командасы чабуул жасап, кооптуу абал жаралды.

00:12. Топко бельгиялыктар көп ээлик кылып, оюн Франция курамасынын жарым талаасында өтүүдө.

00:13. Килиан Мбаппе топко ээ болду, бирок Тибо Куртуа дарбазадан чыгып топту тосуп алганга үлгүрдү.

00:15. Кевин Де Брюйне айып аянтчага кирип баруу аракетин көрүп, бирок коргоочулардан өтө алган жок.

00:16. Эден Азардын кубаттуу соккусу таамай болбой, топ дарбазанын жанынан өтүп кетти.

00:17. Мбаппе сокку узатты. Куртуа өзүнүн чеберчилигин көргөзүп топту тосуп алды.

00:19. Бельгия курамасы бурчтан чыгарып берди. Бельгиялыктар топко жетпей калып, эч кандай кооптуу абал жаралган жок.

00:20. Варан өз дарбасына жакындаган топту талаа сыртына башы менен сүзүп чыгарды.

00:21. Бельгиялыктар кайрадан бурчтан чыгарып берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

00:23. Оливье Жиру топко жеткенге аракет кылды. Бирок топ андан бир топ алыс жерге түштү.

00:24. Франция курамасы бурчтан чыгарып берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Чыгарып берүү ийгилик менен аяктаган жок.

00:27. Кооптуу абал Франция курамасынын дарбазасында орун алды. Топ коргоочулар тарабынан оюн талаасынан чыгарылды.

00:30. Статистика боюнча топко Франция 42 пайыз, ал эми Бельгия 58 пайыз ээлик кылууда.

00:31. Антуан Гризманн айып аянтчага топту көтөрүп берип, Жиру башы менен топту дарбазага багыттады. Бирок сокку таамай болгон жок.

00:32. Франция курамасы арты-артынан чабуулдарды жасап, кооптуу абал жаратууда.

00:34. Мбаппе Жируга топту чыгарып берди. Жирунун узаткан соккусу дарбазанын оң бурчуна багытталганы менен таамай болгон жок.

00:36. Гризманн топту эч кимге бербестен алдыга чыгып сокку узатты. Бирок топ талаа сыртына чыгып кетти.

00:37. Жиру жаракат алып ага жардам көрсөтүлүүдө.

00:38. Кайрадан кооптуу абал. Бенжамин Павар сокку узатып топ Куртуанын бутуна тийип талаанын сыртына чыкты. Бурчтан чыгарып берүү орун алат.

00:40. Мбаппенин бурчтан чыгарып берүүсү натыйжасыз калды.

00:41. Калыстын ышкырыгы жаңырып оюн эрежеси бузулганы аныкталды.

00:43. Стандарттык абалдан чыгарып берүү. Топту Гризманн чыгарат. Топ коргоочуларга тийип оюн талаасынан чыгып кетти.

00:45. Калыстын ышкырыгы жаңырып 1-тайм аягына чыкты.

01:02. 2-тайм старт алды, азырынча эсеп 0:0.

01:03. 2-бөлүктүн башталышы менен эле Де Брюйне чабуулга чыгып, атаандаш коргоочуларды топту оюн талаасынан чыгарып салууга мажбур кылды.

01:04. Шадлинин айып аянтчага чыгарылган тобун Лукаку башы менен дарбазага багыттап, таамай болбой калды.

01:05. Бельгиялыктар топко көбүрөөк ээ болуп, уламдан улам кооптуу чабуулдарын аткарууда.

01:07. Го-о-о-о-л! Эсеп 1:0. Юмтити бурчтан чыгарылган топту башы менен дарбазага багыттап, Тибо Куртуага тосуп алууга мүмкүнчүлүк берген жок.

01:08. Аксель Витсель оюн эрежесин бузуп, Франциянын чабуулун токтотту.

01:09. Матюидиге каршы оюн эрежеси бузулуп, Гризманн кооптуу айып сокку аткарат.

01:10. Антуан Гризманндын айып аянтчага көтөрүлгөн тобуна алгач бельгиялык коргоочулар жетип топту тартып кетишти.

01:11. Блез Матюиди алыстан сокку узатып, анын соккусун коргоочу тосуп алды.

01:12. Франциялыктар атаандашынын айып аянтчасында кыска пас алмашуу аркылуу коргоочуларды алдап өтүп Жиру дарбазачы менен кез келгенге жетишти. Бирок франциялык чабуулчунун соккусун Куртуа кайтарганга жетишти.

01:13. Тоби Алдервейрелд алыскы аралыктан кубаттуу сокку узатып, таамай боло алган жок. Топ дарбазадан бир топ алыста өттү.

01:14. Соккулар боюнча статистика: Франция - 15, Бельгия - 4.

01:16. Бельгия курамасында алмаштыруу орун алды. Муса Дембеленин ордуна оюнга Дрис Мертенс кошулду.

01:17. Мертенс оң канаттан айып аянтчага кирип келип өнөктөштөрүнө чыгарып берүү жасады. Бирок топто алгач коргоочулар болуп топту айып аянтчадан чыгарып салганга жетишти.

01:18. Бельгия курамасы топту бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алып, аны Шадли аткарат.

01:19. Шадлинин чыгарып берүүсүн франциялыктар тосуп алып дароо контр-чабуулга чыгышты. Бирок Азар оюн эрежесин бузуп, бул кооптуу чабуулду токтотуп койду.

01:20. Андрес Кунья орой оюн көрсөткөн Азарга сары айып кагазын ыйгарды.

01:21. Мертенс айып аянтчага чыгаруу жасап, бирок Льорис топту тосуп алганга жетишти.

01:22. Маруан Феллайни айып аянтчанын ичинен башы менен сокку узатып, бир аз таамай болбой калды.

01:23. Франция курамасы контр-чабуулга чыгышты. Антуан Гризманн айып аянтчанын сол бурчунан Жируга чыгарып берүү жасап, Жиру дароо сокку узатты. Анын соккусу кубаттуу болгону менен таамай болгон жок.

01:25. Шадли чабуулда оюн эрежесин бузуп, топту жоготту.

01:26. Мертенс оң капталдан айып аянтчага көтөрүп берүү жасап, таамай болбой калды.

01:27. Тоби Алдервейрелд оюн эрежесин бузуп, сары айып кагазы менен белгиленди.

01:28. Топко ээлик кылуу боюнча статистика: Бельгия курамасы - 60 пайыз, Франция - 40 пайыз.

01:29. Юмтити жеңил жаракат алып, беттеш убактылуу токтоп калды.

01:30. Бельгия курамасы кайрадан топко ээлик кылып чабуулга чыгууда.

01:31. Аксель Витсель Гризманнга каршы эреже бузуп, Франция стандарттык абалдан топту оюнга кошот.

01:32. Де Брюйне алыстан сокку узатып, таамай болбой калды.

01:33. Дрис Мертенстин алыстан узаткан чыгарып берүүсүнө өнүктөштөрү жетпей калып, топ талаадан чыгып кетти.

01:34. Феллайни Мбаппеге каршы оюн эрежесин бузуп, франциялыктар кооптуу айып сокку аткарат.

01:35. Гризманндын айып аянтчага чыгарган тобуна өнөктөштөрү жетпей калды.

01:36. Бельгия курамасында алмаштыруу. Янник Карраско Маруан Феллайнинин ордуна оюнга кошулду.

01:37. Мертенс алыскы аралыктан мыкты, кубаттуу сокку узатты. Топ ылдамдык менен дарбазага барып Льорис топту кайтарганга жетишип калды.

01:38. Блез Матюиди менен Азардын кагылышуусунан кийин алар жеңил жаракат алып медициналык жардамга муктаж болууда.

01:41. Франция курамасында алмаштыруу. Оливье Жиру оюн талаасынан кетип, анын ордуна оюнга Стивен Н'Зонзим кошулду.

01:42. Кайрадан Матюидиге каршы оюн эрежеси бузулуп, франциялык футболчу жаракат алып калды.

01:43. Франция курамасынын машыктыруучусу жаракат алган Матюидини Корентен Толиссого алмаштырды.

01:44. Канте Азарга каршы эреже бузуп, сары айып кагазы менен белгиленди. Бельгиялыктар кооптуу айып сокку аткарат.

01:45. Айып соккуну Де Брюйне аткарып бельгиялыктар кооптуу абал жаратышты, бирок ийгиликтүү болгон жок.

01:46. Лукаку айып аянтчага көтөрүлгөн топко жетишүү аракетин көргөн, бирок ийгиликтүү болгон жок.

01:47. Погбага каршы оюн эрежеси бузулуп, Франция курамасы кооптуу айып сокку аткарганга мүмкүнчүлүк алды.

01:48. Бельгия курамасында алмаштыруу. Насер Шадлинин ордуна Миши Батшуай чыкты. Калыс беттештин аягына 6 мүнөт кошуп берди.

01:49. Гризманн айып аянтчанын сыртынан топту кабыл алып, кубаттуу сокку узатты. Бирок Куртуа жогорку чеберчилик менен топту тосуп алды.

01:50. Ян Вертонген Мбаппеге каршы оюн эрежесин бузуп, сары айып кагазы менен белгиленди.

01:52. Погба айып аянтчага кирип бара жаткан Толиссого топту чыгарып берди. Куртуа менен бетме-бет келген Толиссо сокку узатып, Куртуа топту тосуп калды.

01:53. Калыстын ышкырыгы жаңырып, Франция курамасы 1:0 эсеби менен жеңишке жетти.

01:54. Бул жеңиш менен Дидье Дешамдын курамасы аалам биринчилигинин финалына өттү. Анда Франция курамасы 15-июлда Англия-Хорватия беттешинин жеңүүчүсү менен күч сынашат. Ал эми Бельгия курамасы 14-июлда 3-орун үчүн беттеш өткөрмөкчү.

Жарым финал. Франция-Бельгия беттеши.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
monster_high_98
2018-07-10 23:56:38
4 минута калдыыы
0
rysik79
2018-07-11 00:12:39
Француздар согот.!
+3
saana
2018-07-11 00:15:00
Айтып койгулачы кайсы жактан Корсо болот фудболду
0
Farm94
2018-07-11 09:58:34
saana,ктрк спорт нтс спорттон
+1
monster_high_98
2018-07-11 00:22:33
Франция женет деген ойдомун,Гризманн Мбаппе Бельгияга корсотот го
0
Kanybek121195
2018-07-11 00:49:28
Мен Бельгияга
-3
Pchelka85
2018-07-11 00:52:42
Жиру менен Гризманга коз тийген го...)))) озгочо Жируга...
0
monster_high_98
2018-07-11 01:11:15
Ураааа гоооооол!!! Франция утту уже
0
monster_high_98
2018-07-11 01:46:07
Бельгия кучу жетпей аргасыздан оюн эрежесин бузуп жатат го эээ
-2
odin-takoy
2018-07-11 02:02:41
Мен францияга тартып аттым эле жетимдер жыгыла бергенинен жакпай калды неймар менен роналдодон жугуптурда буларга дагы. Мен учун бельгия женди
0
Azat.97
2018-07-11 02:26:45
odin-takoy,Суарестен жуккан буларга
+1
odin-takoy
2018-07-11 15:37:21
Azat.97,суарес точно
+1
Modric10
2018-07-11 07:43:32
Франция женуучу боло тургандай.
негедир кечиндеги оюн анчейин кызыбады.мбаппе ат экен да чуркаганы
+3
Alixan-Nookat.2015
2018-07-11 09:55:30
Топ тоголок деген чын экен Бельгия Францияга караганда жакшы оюн көргөздү бирок бир гол кирип жеңилип калды.
+3
Modric10
2018-07-11 12:51:59
жиру башкы курамга керек эмес экен. финалда ойлонуп койсо тренери.эч оюн жок экен
0
Fekus
2018-07-11 22:54:54
Франция 1998-ж чемпион болгон. Анан 2002-ж, 2006-ж, 2010-ж жана 2014-ж дуйнолук топ откон болсо, 2018-жылы 16 жылдан кийин Финалга чыккан болобу? Неге 12 жылдан кийин Финалга чыкты деп тема койгонсунар?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан