Бүгүн, 27-июнда ЖКнын жыйынында “Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө” мыйзам долбоору 2-3-окууда добуш берүүгө жолдонду. Мыйзам долбоору мекендештерибизди чет өлкөдө коргоо боюнча мамлекеттик саясаттын принциптери менен максаттарын жана аны жүзөгө ашыруу боюнча мамлекеттик бийлик органдардын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын белгилейт. Ошондой эле чет өлкөлүк мамлекеттердин мыйзамдарын эске алуу менен мекендештерге мамлекеттик колдоо жана жардам көрсөтүү белгиленген. Анын ичинде өзүнүн өз алдынчалыгын ээн-эркин билдирүү, мекендештердин ортосундагы ар тараптуу байланышты, Кыргызстан менен байланышты орнотуу жана ээн-эркин колдоо, Кыргызстандан маалыматтарды алуу, коммерциялык эмес улуттук-маданий уюмдарды, жалпыга маалымдоо каражаттарын түзүү жана алардын ишине катышуу сындуу укуктарды көздөйт.