Кыргыз курамасынын машыктыруучусу Александр Крестинин Дүйнө чемпиону кайсы команда болорун айтты

Кыргыз курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин SUPER.KG порталы менен жеке оюн менен бөлүшүп Дүйнө чемпиону кайсы команда болорун айтты.

Анын айтымында, бул Дүйнө биринчилигинде Франция курамасы мыкты оюн көрсөтүп, аалам биринчилигин утуп кетүүгө бардык мүмкүнчүлүктөрү бар.

"Мен бардык эл аралык мелдештерде Орусия курамасына күйөрмандык кылам жана бул Дүйнө чемпиондугунда да алар үчүн жан тарттым. Орусия курамасы үчүн бул мелдеште чейрек финалга чейин жетип, испаниялыктарды утуп алышы - бул чоң жетишкендик. Орусия курамасында өзгөчө Артём Дзюбаны белгилемекмин, анын көрсөткөн оюну эң жогорку деңгээлде болду. Ошондой эле Криштиану Роналду, Эден Азар жана Кевин Де Брюйне өз чеберчиликтерин көрсөтүп, Лионель Месси жана Неймарга караганда бул мелдешке жакшы даярданганын далилдешти. Машыктыруучулар арасында бул Дүйнө биринчилигинде Дидье Дешамдын ишин белгилегим келет. Буга чейинки оюндарда ал даярдаган Франция курама командасы мыкты көрсөткүчтөрдү көргөздү. Финалдык оюнда да алар бул чеберчилигинен жана эрктүүлүгүнөн жазбай Дүйнө чемпиону аталат деп терең ишенем", - дейт Крестинин.

Айта кетсек, Франция курама командасы жарым финалда Бельгияны утуп, эми финалда Хорватия-Англия беттешинин жеңүүчүсү менен кез келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Azat.97
2018-07-11 20:52:47
Мен да ошентип ойлойм.Франция алганы калды!
+2
Azatbek.Svoboda.
2018-07-11 21:40:59
Биздикилерди да алдыга суйрө!
+3
00AbibhanovMunarbek0045
2018-07-11 22:09:18
Azatbek.Svoboda.,
+1
kolyn
2018-07-11 23:20:38
Франция 20жылдан кийин кайра чемпион болот буйруса
+2
monster_high_98
2018-07-11 23:48:51
Франция чемпион болот буйруса,Крестинин укмуш козу ачыкго,футболчулар Азияда не болот ошого да комент берсе укмуш+ болуп кетмек даже
-1
Mikaaa
2018-07-12 01:20:21
Англия болот чемпион
-2
Potriot.KGstan
2018-07-12 12:17:59
Mikaa...Англиян учту чырагым.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан