Эркин Алымбеков: "Кумтөр" маселесин күзгө чейин оң жагына чечпесе өкмөт отставкага кетет"
"Кумтөр" маселесин күзгө чейин оң жагына чечпесе өкмөт отставкага кетет",- деп билдирди Жогорку Кеңештин депутаты Эркин Алымбеков Жети-Өгүз районунун тургундары менен жолугушуу учурунда. Ал карапайым калкты сабырдуулукка чыкырды. Чогулгандар май айындагы Жети-Өгүз окуясында жаракат алгандардын ден соолуктары жана "Кумтөр" боюнча келишимди жокко чыгаруу сыяктуу маселелер боюнча өз талаптарын айтышууда. Айта кетсек, бүгүн, 27-июнда аталган райондун Кызыл-Суу айылында тынчтык митинги өтүп жатат. Ага КРнын Коргоо жана коопсуздук боюнча вице-премьер-министри Токон Мамытов, Ысык-Көл облусунун жетекчиси Эмил Каптагаев да катышып жатат.