Чет элдик басылмалар Криштиану Роналду италиялык "Ювентус" футболдук клубунда 1 секундасына канча акча ала турганын эсептеп чыгышты.
Басылмалардын маалыматына караганда, 33 жаштагы футболчу 1 жылдын ичинде 30 миллион евро алмакчы. Бул божомол менен 1 секундасына 1 еврого барабар. Ал эми Криштиану Роналдунун 4 жылда иштеп тапкан акчасы 120 миллион евро болмокчу.
Айта кетсек, кечээ, 11-июлда Криштиану Роналду италиялык "Ювентус" клубуна өтүү боюнча 4 жылдык келишим түзгөнү белгилүү болгон. Криштиану Роналду "Реал Мадрид" клубуна 2009-жылы өтүп, ушул убакытка чейин 15 трофей жеңгенге үлгүргөн. Алардын ичинде Чемпиондор Лигасынын 4 кубогу бар. Андан тышкары, "Алтын топтун" 5 жолку ээси төртөөнү "Реалдын" курамында алган.