12-июлга караган түнү Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун 2-жарым финалдык беттеши орун алат. Анда Москва шаарындагы "Лужники" стадионунда Хорватия менен Англия курамаларынын беттеши өтмөкчү. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 00:00дө башталып, башкы калыс түркиялык Жюнейт Чакыр болот.
Бул беттештин жеңүүчүсү финалда Франция курамасы менен кез келсе, жеңилген команда 3-орун үчүн Бельгия курамасы менен беттешет.
23:48. Хорватия курамасынын тизмеси:
23:50. Англия курамасынын тизмеси:
23:54. Командалар оюн талаасына чыгып, алгач Хорватиянын гимни жаңырды.
23:57. Англиянын гимни чыгып, командалар беттешти баштоого даяр.
23:58. Топту оюнга алгач Англия курамасы кошот.
00:00. Чакырдын ышкырыгы жаңырып, беттеш старт алды.
00:01. Алгачкы мүнөттөн Хорватия курамасы топту өзүнүн карамагына алып, акырындан чабуулга чыгуу аракетин көрүүдө.
00:02. Жон Стоунска каршы хорватиялыктар чабуулга чыгып оюн эрежесин бузду. Топ англиялыктарда.
00:03. Модрич Деле Аллини жыгылтып оюн эрежесин бузду. Англиялыктар кооптуу айып сокку аткарат.
00:04. Го-о-о-о-о-л! Киран Триппьер айып соккуну мыкты аткарып, эсеп санын ачканга жетишти. Субашич топту тосуп алганга жетишпей калды.
00:06. Пикфорд айып аянтчага чыгарылган топту тосуп алып, дароо командасын контр-чабуулга чыгарды. Анын алыстан чыгарып берүүсүнө Рахим Стерлинг жетпей калды.
00:07. Врсалько командасына топту бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алып келди.
00:08. Лука Модрич топту бурчтан чыгарып, бирок айып аянтчадан өнөктөштөрүн таба алган жок.
00:09. Чакырдын ышкырыгы жаңырды. Шиме Врсалько оюн эрежесин бузуп, топ англиялыктардын карамагына өттү.
00:10. Англия курамасы топту бурчтан чыгарууга мүмкүнчүлүк алды. Аны Эшли Янг аткарат.
00:11. Эшли Янгдын чыгарып берүүсүнөн кийин Алли сокку узаткан. Бирок айып аянтчадан Магуайер оюн эрежесин бузганга үлгүргөн.
00:12. Киран Триппьер айып аянтчага кирип баруу аракетин көрүп, бирок коргоочулар топту талаадан чыгарып салууга жетишти.
00:13. Гарри Магуайер кайрадан бурчтан чыгарылган топту дарбазага багыттап, тилекке каршы, бир аз таамай болбой калды.
00:14. Кейнге каршы оюн эрежеси бузулуп, англиялыктар стандарттык абалдан чабуулун улантат.
00:15. Топко ээлик кылуу боюнча статистика: Англия - 51 пайыз, Хорватия - 49 пайыз.
00:16. Хорватиялыктар топту өзүнүн карамагына өткөрүп, позициялык чабуулун жасоодо.
00:17. Перишич алыскы аралыктан сокку узатып, бир аз таамай болбой калды. Топ дарбазадан 1 метрден жакын жерден өтүп кетти.
00:18. Узатылган соккулар боюнча статистика: Хорватия - 1, Англия - 2.
00:19. Анте Ребич алыскы аралыктан сокку узатканга үлгүрдү. Бирок коргоочулар топту кайтарганга жетишип, контр-чабуулга чыкканга мүмкүнчүлүк алды.
00:20. Кейн дарбазачы менен бетме-бет келгенге үлгүрүп, бирок офсайд абалында болуп калды.
00:21. Перишич кайрадан алыскы аралыктан сокку узатып, бирок бул ирет бир топ таамай болгон жок.
00:22. Рахим Стерлинг коргоочуларды алдап өтүп айып аянтчага кирүү мүмкүнчүлүгүн алган, бирок ал жыгылып кетип топту жоготту.
00:23. Стерлинг кайрадан чабуулга чыгып, анын чыгарып берүүсү таамай болбой калды.
00:24. Стерлингге каршы оюн эрежеси бузулуп, англиялыктар дагы бир жолу кооптуу айып сокку аткарат.
00:25. Эшли Янгдын чыгарып берүүсүнө алгач Субашич жетип, топту айып аянтчадан чыгарып салды.
00:26. Эреже бузуу боюнча статистика: Хорватия - 7, Англия - 4.
00:27. Англиялыктар позициялык чабуулун аткарып, азырынча каршылашынын коргоо бөлүгүн өтө албай жатат.
00:28. Кейн айып аянтчанын ичинен Субашич менен бетме-бет келип, анын соккусун дарбазачы кайтарганга үлгүрдү.
00:30. Ребич айып аянтчанын сыртынан сокку узатып, анын соккусун Пикфорд тосуп алды.
00:31. Врсалько Пикфордго каршы оюн эрежесин бузуп, топ англиялыктардын карамагында калды.
00:32. Ребич айып аянтчага чыгарылган топко жетпей калып жакшы мүмкүнчүлүгүн колдоно албай калды.
00:33. Деле Аллинин айып аянтчага чыгарган тобу Гарри Кейнге жетпей калды. Бирок англиялыктар кайрадан топко ээ болуп, чабуулун улантат.
00:34. Лингард айып аянтчанын сыртынан коргоочулардын кароосунан бошонуп, сокку узатканга жетишти. Бирок ал таамай болгон жок.
00:35. Стерлинг айып аянтчанын бурчунан топту кабыл алып, дароо сокку узатты. Бирок коргоочулар топту тосуп алганга жетишти.
00:36. Киран Триппьердин айып аянтчага көтөрүп берген тобуна өнөктөштөрү жетпей калды. Топ Хорватия курамасынын карамагына өттү.
00:37. Топко ээлик кылуу боюнча статистика: Хорватия - 51 пайыз, Англия - 49 пайыз.
00:38. Соккулар боюнча статистика: Англия - 5, Хорватия - 4.
00:39. Ребич Эшли Янгга каршы орой оюн көрсөтүп, калыс эреже бузууну каттады. Топ англиялыктардын карамагында.
00:40. Англиялыктардын позициялык чабуулу ийгиликсиз болуп, Хорватия курамасы топту өзүнүн карамагына өткөрдү.
00:41. Хорватия курамасы чабуулга чыгып англиялыктардын коргоо бөлүгүнө өтө албай жатат.
00:42. Шиме Врсалько алыскы аралыктан сокку узатып, таамай болбой калды.
00:43. Англиялык коргоочулар ката кетирип Иван Ракитич топту тартып алганга жетишти. Ал айып аянтчага кирип барганы менен, сокку узатканга жетишкен жок.
00:44. Англиялыктар оюн эрежесин бузуп, айып соккуну Модрич аткарат.
00:45. Башкы калыс 1-таймга 1 мүнөт убакыт кошуп берди.
00:46. Хорватиялыктар стандарттык абалдан натыйжа чыгара алган жок. Модричтин чыгарып берүүсүн коргоочулар кайтарып салды.
00:47. Калыстын ышкырыгы жаңырып 1-тайм аяктады.
01:02. Жюнейт Чакыр 2-таймга старт берди. Азырынча эсеп 0:1.
01:03. Анте Ребич айып аянтчага кирип келип, коргоочуларды алдап өтө албай калды.
01:04. Ребич Уокерге каршы оюн эрежесин бузду, сары айып кагазы менен белгиленди.
01:07. Англиялыктар кайрадан чабуулга чыгып, азырынча алардын чабуулу ийгиликсиз болууда.
01:08. Ребичтин айып аянтчага чыгарган тобуна Перишич жетишпей калды. Перишич мыкты чыгарып берүү үчүн өнөктөшүнө ыраазычылык билдирүүдө.
01:09. Кайл Уокер убакытты созгону үчүн сары айып кагазы менен белгиленди.
01:10. Хорватиялыктар чабуулун улантып, топту бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алды.
01:11. Лука Модрич топту бурчтан чыгарып, бирок узаткан соккусу ийгиликтүү болгон жок.
01:12. Англиялыктар контр-чабуулга чыгып, Лингард командасына топту бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алып келди. Бирок аны англиялыктар колдоно алган жок.
01:13. Триппьер оң канаттан айып аянтчага чыгаруу жасап, Кейн башы менен сокку узатканга жетишпей калды. Хорватиялык коргоочулар топту аянтчадан чыгарып салганга жетишти.
01:14. Стринич айып аянтчага топту чыгарып, бирок коргоочулар топту талаадан сыртка чыгарып салышты.
01:15. Стерлингге каршы оюн эрежеси бузулуп, топ англиялыктардын карамагына өттү.
01:16. Иван Ракитич топту жерге түшүрбөй дароо сокку узатканга үлгүрдү. Сокку кубаттуу болгону менен таамай болгон жок.
01:17. Хорватиялыктар ийгиликтүү чабуул аткарууга аракет жасаганы менен, азырынча кооптуу абал дагы жарата албай жатат.
01:18. Рахим Стерлинг айып аянтчага кирип келип сокку узатканга жетишпей калды.
01:21. Ракитич айып аянтчанын ичинен сокку узатканга жетишип, бирок аны Кайл Уокер топту тосуп алганга жетишти.
01:22. Кейнге каршы оюн эрежеси бузулуп, оюн убактылуу токтотулду.
01:23. Кейн айып аянтчага кирип келип сокку узатканга жетишти. Бирок ал таамай болгон жок.
01:24. Го-о-о-о-л! Эсеп 1:1. Перишич айып аянтчанын ичинен топту кабыл алып дароо узаткан сокку менен эсеп санын тең кылды.
01:26. Топко ээлик кылуу боюнча статистика: Хорватия - 57 пайыз, Англия - 43 пайыз.
01:27. Перишич мыкты мүмкүнчүлүктү колдоно албай калды. Ал айып аянтчанын ичинен сокку узатып штангага тийип калды.
01:28. Врсалько, Модрич жана Ракитич кыска пас алмашуу аркылуу коргоочуларды алдап өтүүгө аракет кылып, топту бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алды.
01:29. Иван Перишич алыстан сокку узатып таамай болбой калды. Топ дарбазадан бир топ жогору өттү.
01:30. Англия курамасында алмаштыруу. Маркус Рэшфорд Рахим Стерлингдин ордуна оюнга кошулду.
01:31. Врсалько топту оң бурчтан чыгарып берүү аткарып таамай болбой калды. Перишич топко жетишпей калды.
01:33. Лингард оң канаттан сокку узатып таамай болбой калды. Топ дарбазанын жанынан өтүп кетти.
01:34. Хендерсон айып аянтчанын сыртынан сокку узатып таамай болгон жок. Топ дарбазадан бир топ алыс өттү.
01:36. Соккулар боюнча статистика: Англия - 8, Хорватия - 12.
01:39. Манжукич англиялыктардын айып аянтчасынан топту кабыл алып, дароо сокку узатканга аракет кылды. Пикфорд топту тосуп алганга жетишти.
01:42. Кейн айып аянтчанын ичиндеги Лингардга топту чыгарып берген, бирок Жесси топту тосуп алганга жетишкен жок.
01:45. Ловрен алыстан сокку узатып таамай боло алган жок.
01:46. Беттештин негизги убактысы жыйынтыкталып калыс 3 мүнөт кошуп берди.
01:47. Англиялыктарга каршы оюн эрежеси бузулуп, алар айып сокку аткарат.
01:48. Кейн айып аянтчага көтөрүлгөн топту дарбазага багыттап, бирок соккусу таамай болбой калды.
01:49. Чакырдын ышкырыгы жаңырып, командалар дагы 2 тайм ойношот.
01:55. Алгачкы 15 мүнөттүк кошумча тайм старт алды.
01:56. Англия курамасында алмаштыруу. Эшли Янгдын ордуна Дэнни Роуз оюнга кошулду.
01:57. Ребич оюн эрежесин бузуп, топ англиялыктардын карамагында калды.
01:58. Стринич жеңил жаракат алып, учурда оюн убактылуу токтотулду.
01:59. Стринич оюнду уланта албай калды. Анын ордуна оюнга Йосип Пиварич чыкты.
02:00. Ребич оюн эрежесин бузуп, калыс ага сары айып кагазды ыйгарды. Англиялыктар айып сокку аткарат.
02:02. Англия курамасында дагы бир алмаштыруу. Эрик Дайер оюнга Хендерсондун ордуна кошулду.
02:04. Врсалько дарбазанын сол бурчуна туруп алып, командасын голдон сактап калды.
02:06. Рэшфорд оюн эрежесин бузуп, хорватиялыктар айып сокку аткарат.
02:07. Хорватия курамасында алмаштыруу орун алды. Андрей Крамарич Анте Ребичтин ордуна чыгат.
02:10. 1-кошумча таймга калыс 2 мүнөт кошуп берди.
02:12. Манжукич дарбазачы менен бетме-бет келип, анын соккусун Пикфорд тосуп кетти.
02:13. Калыстын ышкырыгы жаңырып, 1-кошумча убактысы аяктады.
02:17. Калыс 2-кошумча таймга старт берди.
02:19. Брозович айып аянтчага кирип келип, сокку узатты. Бирок ал таамай боло алган жок.
02:20. Го-о-о-о-о-л! Эсеп 2:1. Манжукич эсеп санын өзгөртүп командасын алдыга чыгарды. Ал Перишичтин чыгарып берүүсүнөн кийин Пикфорд менен бетме-бет келип, кубаттуу соккусу менен топту тосуп алганга мүмкүнчүлүк берген жок.
02:24. Англия курамасында алмаштыруу. Кайл Уокердин ордуна оюнга Жейми Варди кошулду.
02:26. Хорватия курамасында алмаштыруу: Жаракат алып калган Манжукичтин ордуна оюнга Ведран Чорлука кошулду.
02:29. Хорватия курамасында алмаштыруу. Лука Модричтин ордуна Милан Бадель оюнга кошулду.
02:32. 2-кошумча таймдын убактысы аягына жетип, калыс дагы 4 мүнөт кошуп берди.
02:35. Милан Бадель колу менен ойноп оюн эрежесин бузду.
02:36. Калыстын ышкырыгы жаңырып, Хорватия курамасы 2:1 эсебинде жеңишке жетти.
02:37. Бул жеңиш менен Хорватия курамасы финалга чыгып, анда Франция курамасы менен күч сынашмакчы. Ал эми Англия коло медалдар үчүн Бельгия курамасы менен кездешет.