Дүйшөнбек Камчыбеков: "Тоо-кен тармагын өнүктүрүү үчүн жергиликтүү элдин талабын эске алуу керек"

Тоо-кен тармагын өнүктүрүү үчүн жергиликтүү эл менен кен казуучу ишканаларга лицензия берген органдардын ортосундагы мамилени жакшыртуу керек. Мындай пикирди Тоо-кен өнөр жайчылар жана геологдор бирикмесинин төрагасынын орун басары Дүйшөнбек Камчыбеков SUPER.KG порталына билдирди.

Анын пикиринде, президент тарабынан жарыяланган "Аймактарды өнүктүрүү жылында" тоо-кен тармагына өзгөчө көңүл буруу менен аймактарды өнүктүрө алабыз.

"Азыркы тапта кен иштетүү үчүн лицензия алган компаниялар кен иштетүү үчүн кайсы бир аймакка барса, мыйзамда барбы же жокпу, каалайбы-каалабайбы баары бир жергиликтүү элдин талабы менен социалдык пакет деген түшүнүк аркылуу иштеп жатышат. Башкача айтканда, жергиликтүү элдин ооруканасына, мектебине же жолун оңдоп, суусун чыгарууга жардам берип, эл менен келишим түзүп иштеп жатышат. Мына ошол үчүн социалдык пакет деген түшүнүктү дагы да кеңейтүү керек.

Мындан сырткары тоо-кен тармагын өнүктүрүү үчүн бизде бир нече сунуш бар.

  1. Жер казынасы мыйзамын кайрадан иштеп чыгуу керек. Буга чейин мыйзамды өзгөртүү боюнча бир нече жолу сунуштар айтылып, бирок ал кабыл алынган эмес.

  2. Структура болуу керек. Азыр тоо-кен казуу боюнча комитет түзүлгөн, бирок бул тоо-кен тармагын өнүктүрүүгө көңүл бурбай келүүдө. Сөзсүз түрдө бул тармакты тейлеген агенттик болуу керек.

  3. Илим менен өндүрүштүн ортосунда ажырым пайда болгон. Илим сөзсүз түрдө өндүрүш менен чогуу иштеш керек. Бул эки тармак бирдиктүү иштегенде гана жылыш болот. Учурда тоо-кен өнөр жайын бирдиктүү илимий изилдөөгө алган бекем стратегия да, тактика да жок.

  4. Кадр маселесин жөнгө салуу керек. Жетекчиликке саясий адам келсе мейли, бирок орун басар жана жардамчылар бул тармакты билген адис болуусу керек", - деди Дүйшөнбек Камчыбеков.

Айта кетсек, "Жер казынасы жөнүндө" мыйзамынын 30-беренесине ылайык, кен казган ишканалар кен байлык жайгашкан аймактагы жергиликтүү элдин социалдык турмуш-тиричилик шарттарына каралашып, кадрларды даярдоо, жергиликтүү калкты иш менен камсыздоо иштери инвестициялоонун программасына киргизилген. Мындан сырткары мыйзам боюнча кен казган айрым ишканалардын жылдык кирешесинин 3 пайызы жергиликтүү элге берилүүсү керек. Алсак, "Кумтөр" алтын кенинин 1 пайызы жергиликтүү элге социалдык пакет катары берилип келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан