Түркмөнстандын президенти небереси менен рэп окуган видео тарады

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов синтезатордо ойноп, небереси менен рэп стилинде ыр ырдады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматтарга ылайык, учурда Бердымухамедов Каспий деңизинин түркмөн жээгинде эс алууда. Ал "Спорттук Түркмөнстан" ырын жазган, ал эми небереси Керимгулы ырды англис тилине которуп, музыкасын даярдаган.

"Президент синтезатордо, небереси гитарада ойноп жаңы ырды рэп стилинде аткарышты. Ырдын куплеттерин алар алмак-салмак ырдашты. "Спорттук Түркмөнстан" ыры сентябрь айында өтчү "Амүл-Хазар 2018" эл аралык автораллиге жана түркмөн спортунун жетишкендигине арналган", - деп жазышат басылмалар.

Түркмөнбашы небереси менен рэп окууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
stimyl.kg
2018-07-12 11:20:03
Жаашоо малина ушу президенттики экен да. Тактан түшкус хан деген элине кааласа да каалабаса да жакса жакбаса да өтпөгөн өнөрүн көргөзө берет тура. Кааласа ырчы музыкант, чабандес,гоншик шоопур,репер,механик,мерген боло калат. Калкы өчүрүттөп нан сатып алып килограммдап ун сатып алып,сууга зар болуп атса президентти өз өнөрү менен алек. Кудайм сактап АША дан эртереек кутулган экенбиз,болбосо ал да өнөрүн өркүндөтмөк экен.
+10
rysik79
2018-07-12 11:56:30
Бул адам тубаса оорукчан шизофреник ,психиатриялык жактан жакшы эле жабыркаганын айтып журушпойбу.
+5
Nanei
2018-07-12 14:15:47
Эли нанды карточка менен сатып алып жатса,кайсы арына ырдайт???
+2
JackTheRipper
2018-07-12 14:27:38
Бул киши президенттин ролун аткарчу ото кыйын актёр! Туркмениянын жашоо шарты, африкалын кедей олколорунон айырмаланбайт!
0
sumramnur
2018-07-12 15:08:52
JackTheRipper, туркмонстанды бай мамлекен дешчиле го, газ, алтын, мунай озунон чыгат. Бирок аларда демократия жок экенин билем
0
admin_superstan
2018-07-12 15:57:38
JackTheRipper,
Бул видеохостингди жарнамалоого тыюу салынган!
0
Meni_unut
2018-07-12 23:56:49
Биздин шеф созулма жерин ырдаса бул рэп айтса соонун болмок го)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан