Индонезияда эне баласын крокодилдин оозунан куткарып алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Индонезиянын Чыгыш Танжунг-Жабунг аймагында эне крокодил сүйрөп кеткен баласын куткарып калган. Жырткыч 11 жаштагы балага ал сууга келген маалда кол салган. Крокодил аны бутунан тиштеп сууга сүйрөп жөнөгөн.
Баласынын кыйкырган үнүн уккан 37 жаштагы Расми жээкке чуркап келген. Ал келген маалда крокодил баланы жээктен 15 метр алыстыкка сүйрөп кеткенге жетишкен. Расми сууга түшүп баласына сүзүп барган.
"Мен сүзүп келгенде крокодил баламдын тиштеген бутун бошотуп, өзү белгисиз жакка сүзүп кетти. Менин оюма ошол учурда сууда башка крокодилдер да болушу мүмкүн экендиги келбептир. Негизги максатым баламды куткарып калуу болчу", - деп билдирген эне.
Бала дароо ооруканага жеткирилген. Ал крокодил тиштеген бутунан оор жаракат алган. Жаратылышты коргоо агенттиги крокодилди кармоо үчүн атайын адистердин тобун жиберген. Крокодил колго түшсө башка жерге жайгаштырыла тургандыгы айтылган.