Жайдын аптаптуу күндөрүндө алтын кумдуу көл жээгине барып, эс алып келүүнү самагандар арбын. Ал эми көлгө жеткен соң бул мыкты көз ирмемдерди сактоо үчүн сүрөткө түшөбүз. Алардын ичинен жакканын социалдык тармактагы баракчаларга жарыялайбыз. Алдына улуу ойчулдардын накыл кептерин же болбосо өзүбүздүн асыл ойлорубузду бөлүшөбүз.
Дал ушул кум жээгинде тартылган кыздардын сүрөттөрүнө карата блоггер жана сүрөтчү Виктор Водолазький пародия тартууну чечкен. Модель болуп бул долбоордо Тимофей Трефилов тартылган. Бир четинен күлкүлүү көрүнгөн сүрөттөрдүн арасынан ар бир кыз өзүн таба алса керек.
Интернетте кеңири тарап көп жолу бөлүшүлгөн жана көптөгөн жакты белгисин алган бул сүрөттөр талкууга түшкөн. Көпчүлүк интернет колдонуучулар алардын ичинде мырзалардын көбү сүрөттөр аябай окшошконун жана ар бир кумдуу жээкке барып эс алып келген кыздын жогорудагыдай сүрөттөрү бар экенин билдиришкен. Айрым колдонуучулар моделдин ашыкча салмагы сүрөткө көрк бергенин баса белгилешкен.