Нариман Түлеев: "Мен каршы болгонума карабай убагында Бишкектин мэри кылып дайындашкан"

Бүгүн, 27-июнда Бишкектин Ленин райондук сотунда экс-мэр Нариман Түлеев боюнча кезектеги сот иши өтүп жатат. Түлеев өзүнө тагылып жаткан айыптарга макул эместигин билдирип, “бул прокуратуранын чындыкка таптакыр туура келбеген фантазиясы. Чынын айтсам, убагында каршы болгонума карабай мэрлик кызматына коюшкан. Мен өзүм мэр болууга каршы болчумун. 2007-жылы июль айында кызматка келгенде борбор шаарыбыздын абалы абдан жаман болчу. Колумдан келишинче аракет кылдым. Мен кол алдымдагы жетекчилерди иш билгилигине карап дайындагам, мага алардын шаар үчүн иштегени маанилүү болчу",- дейт Түлеев.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан