"Ата статусуна ээ болуу сөз менен жеткире алгыc өзгөчө сезим экен" дейт жакында кыздуу болгон ырчы Жоодарбешим

Кыргыз эстрадасынын жаш ырчыларынын катарын толуктаган Жоодарбешим кыздуу болду. Бул сүйүнүчтүү кабарды ал SUPER.KG порталына билдирди.

"Кызым жарык дүйнөгө 7-июль күнү келди. Ал эми бүгүн жубайым менен кызымды төрөт үйүнөн үйгө чыгарып келдик. Абалдары буюрса жакшы. Ата болуу бул өзгөчө сөз менен айтып жеткире алгыс сезим экен. Кызым жарык дүйнөгө келер замат боорумда 2 саат жатты. Бул арада кубанычым коюнума батпай, аябай толкундандым. Азырынча кызыма ысым ыйгара элекпиз. Мусулман кызына ылайык келген жакшы бир ысымдардан тандап жаткан учурубуз", - дейт ырчы.

Айта кетсек, өзүнүн "Кайнене", "Жаман ойлобо", "Жубайым болчу", "Баары жалган", "Унут мени" аттуу ырлары менен таанылган ырчы 2017-жылдын декабрь айында үйлөнгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Meni_unut
2018-07-12 14:56:40
Омуру узун кыз болсун!!!
+2
Shaa-82
2018-07-12 15:09:33
Жакшы кабар! Бактылуу, ден-соолугу чын, ыймандуу кыздардан болсун!
+2
Nevestkaa
2018-07-12 15:33:39
Форумчулар санап кирбегиле,наристе өмүрү узун ,бактылуу кыз болсун.
+5
Kirajsjk
2018-07-12 15:40:09
Nevestkaa,tuura aittyn
+2
aizirek...
2018-07-12 16:15:27
Nevestkaa, санасам 7 ай араң болду го
+4
Va.vasm
2018-07-12 16:32:45
aizirek...,:-D
+1
NeRiNa
2018-07-12 15:49:37
Ат койбой эле кантир болницадан чыгарат.
0
KAREGLAZAYA_VOLCHICA
2018-07-12 18:02:25
NeRiNa,азыр чыгара берет окшойт. Иним күбөлүк албай туруп эле чыгарып келди.
0
Muratmipa
2018-07-13 09:35:11
KAREGLAZAYA_VOLCHICA,куболук алыш копко созулуп кетет ошон учун чыгарып салат
0
KAREGLAZAYA_VOLCHICA
2018-07-12 18:04:03
Тою декабрь айында болгон , күз айларында үйлөнгөн деп жазылса туура болмок.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан