Эртең, 13-июлда Чүй облусундагы Ала-Арча спорттук базасында кайык менен сууда сүзүү боюнча Өлкө чемпиондугу орун алат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган мелдеш 13-15-июль аралыгында өтүп, жарышка 16 жаштан жогору, чоңдор арасында спорттук даярдыгы 1-разряддан кем болбогон спортчулар катышат. Мелдештин жыйынтыгында 1,2,3-орунду ээлеген спортчулар Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын тиешелүү деңгээлдеги диплом жана медалы менен сыйланат.