Футбол боюнча Хорватия курама командасы финалга аттанган соң Хорватиянын министрлери өкмөттүк жыйынга улуттук курама команданын формасын кийип келишти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Айта кетсек, Хорватия курама командасы Дүйнө чемпиондугунун жарым финалында Англия курамасын 2:1 эсебинде утуп, өлкөнүн тарыхында алгачкы жолу финалга аттанды. Оюндун 5-мүнөтүндө Англия курамасынан Киран Триппьер айып соккуну мыкты аткарып эсеп санын ачса, 68-мүнөттө Перишич эсеп санын тең кылды. Кошумча 2-таймдын соңуна 10 мүнөт калганда Манжукич эсеп санын 2:1 кылып кетип, командасына жеңиш алып келди.
Финалда 15-июль күнү Хорватия курама командасы Франция курамасы менен кез келмекчи.