Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) Дүйнө чемпиондугун түз алып берип жаткан тараптардан сулуу кыздарды азыраак көрсөтүүнү суранды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ФИФАнын сурануусу басмырлоого каршы саясаты менен байланыштуу. Аталган мекеменин эксперттеринин айтымында, Орусияда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда жынысына карата басмырлоо расалык басмырлоого караганда көбүрөөк кездешүүдө. Буга байланыштуу ФИФА түз эфир берип жаткан тараптардан оюн учурунда трибунада күйөрмандык кылып жаткан сулуу кыздарды азыраак көрсөтүүнү суранды.
Айта кетсек, футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу Орусиянын 11 шаарында өтүп, 15-июлда мелдештин финалы орун алмакчы. Анда Франция менен Хорватия курамалары кез келип, Дүйнө биринчилигинин жеңүүчүсү аталат.