Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүнө жаңы кичи район куруу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда Бишкек шаардык кеңешинин 6-сессиясында мэр Иса Өмүркулов маалымдады. Анын айтымында, бул кичи район үчүн жер тилкеси бар. Маалыматка ылайык, район бардык шарттар менен түзүлүп, ооруканалар, соода борборлору, сейил бактар жана башка курулуштар орун алмакчы.