Интернет желесиндеги популярдуу баракчалардын бири Twitter шектүү колдонуучуларды өчүрүүнү колго алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалым болгондой, аталган социалдык тармак "кара тизмеге" бир нече жолу кирген, башка колдонуучулар тууралуу көп эскертүү берген жана жаңылууга алып келген шилтемелерди тараткан катталуучуларын шектүү деп эсептеп, өз тизмегинен чыгарууну баштады. Мындан улам Twitter`ди колдонгон белгилүү блоггерлер, атактуу адамдар бир нече катталуучуларынан кол жууду. Мисалы, АКШнын президенти Дональд Трамп бир сутка ичинде 300 миңден ашуун катталуучусунан айрылган. Мындан тышкары АКШнын экс-президети Барак Обама, ырчы Рианна, Жастин Бибер, Кэти Перри жана ырчы, актриса Тейлор Свифт дагы бир нече катталуучуларынан кол жууган.
Белгилей кетсек, 2 ай аралыгында аталган социалдык тармак 70 миллион шектүү делген аккаунттарды кулпулаган.