Верка Сердючканын образы менен таанымал болгон украиналык артист, сценарист, режиссёр жана алып баруучу Андрей Данилко чыгармачылыгын токтотот. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Белгилүү болгондой, Верка Сердючка Одесса шаарында чыгармачылыгын жыйынтыктоочу концерт өткөрөрүн айткан. "Бул концерт күйөрмандарын сагынган артисттин акыркы шоусу болот. Верка Сердючка жаңы чыгармаларды жаздырган. Ал ырлар Одессада өтө турган концертте жаңырат", - дейт ал.
Ошондой эле артист чыгармачылыктагы карьерасын жыйынтыктоонун алдында гастролго чыгып, күйөрмандары менен коштошууну пландап жатканын кошумчалаган.