"Борбор шаардагы “Дельфин” бассейнинде жүрүп жаткан оңдоп-түзөөнүн аягына чыгышыбыз керек.”,- деди Бишкек мэри Иса Өмүркулов бүгүн, 27-июнда шаардык кеңештин кезектеги жыйынында. Анын айтымында, учурда бассейнди жеке пайда табуучу жайга айландырып алгандар болууда. Эске салсак, аталган бассейнди оңдоп-түзөө маселеси шаардык кеңештин 5-сессиясында көтөрүлгөн болчу.