Бүгүн "Электр станциялары" ишканасынын башкы директорунун орун басары Абдылда Ирсалиев Өзбекстан Кыргызстанга электр энергиясы үчүн болгон карызын толугу менен төлөп бүткөнүн айтты. Өзбекстандын карызы жалпысынан 13 миллион АКШ долларын түзгөн. Абдылда Ирсалиев белгилегендей, Кыргызстан электр энергияны чет жакка экспорттогонду токтотту.