Дүйнө чемпиондугунун кубогун оюн талаасына футболчу Филипп Лам жана модель Наталья Водянова алып чыгат. Бул тууралуу ФИФАнын расмий сайтында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, 15-июлда "Лужники" стадионунда орун алчу Дүйнө чемпиондугунун Франция-Хорватия курамалары кез келчү финалдык беттешинде Дүйнө кубогун оюн талаасына топ-модель Наталья Водянова жана Германия улуттук курама командасынын коргоочусу Филипп Лам алып чыгышат.
Айта кетсек, коргоочу Филипп Лам мындан 4 жыл мурун Германия курама командасынын капитаны болчу, дал ошол 2014-жылы ал башында турган курама команда Дүйнө биринчилигин багындырган.