III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Көк бөрү боюнча Кыргыз курама командасы аныкталды. Тизмеге Байыш жана Манас Ниязовдор, Рустам Тыналиев, Нуржан Мелисбек уулу кирди

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуучу көк бөрү боюнча Кыргыз курама командасынын тизмеси аныкталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына көк бөрү федерациясынан билдиришти.

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 2-8-сентябрь аралыгында өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата көк бөрү боюнча Кыргыз курама командасы түзүлүп, азыркы тапта окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө.

Кыргыз курама командасынын тизмесине өлкөбүздүн мыкты улакчылары кирди. Анда Нооруз майрамына карата уюштурулган мелдештин жеңүүчүсү "Ынтымак" командасынан 5 улакчы, Жеңиш күнүнө карата өткөрүлгөн мелдештин жеңүүчүсү "Достук" командасынан 4 улакчы жана "Биримдик" командасынан 3 улакчы курамдын тизмесине кирди.

Кыргыз курама командасынын тизмеси:

Марлис Койгелдиев ("Ынтымак")

Байыш Ниязов ("Достук")

Кубаныч Султан уулу ("Биримдик")

Жолдошбек Орозбаев ("Ынтымак")

Таштемир Майлыбашов ("Достук")

Чубак Нурманбет уулу ("Ынтымак")

Нуржан Мелисбек уулу ("Ынтымак")

Улан Насакеев ("Биримдик")

Аскат Баатырбек уулу ("Достук")

Манас Ниязов ("Достук")

Рустам Тыналиев ("Биримдик")

Сейитбек Анарбек уулу ("Ынтымак")

Резервдеги оюнчу: Айбек Темирбаев ("Достук")

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Sultawka
2018-07-13 17:09:08
Жакшы команда болуптур
+2
daniyar93
2018-07-13 18:12:19
Казактардын Сазайын Бергилечи Мекендештерим.
+3
monster_high_98
2018-07-15 10:24:08
daniyar93, Быйыл сазайын бере алабы, ишениш жок, былтыр утуп алып,быйыл былтыр деле утканбызго деп тенине албай отуруп,женилип калышпаса эле
-2
kyialreal
2018-07-17 14:16:21
monster_high_98,анда Манас жок болчу
0
FCB14
2018-07-13 19:13:57
Аскат Аскаров жокго
+2
Sultanmatievkg
2018-07-13 20:06:59
Туратго.Аскат Батырбек уулу деп
+2
Ermekbai
2018-07-13 20:51:26
Жакшы команда болуптур көк бөөрүнү кандай ойношту конокторго көрсөтүп койгула.
+1
Akmatov030
2018-07-13 21:15:00
Манас алга
+2
Bolunbo.kyrgyz
2018-07-13 23:30:42
Казактарды камчы менен эзгилечи бир оздоруно жараша кылып
+4
interpol
2018-07-14 08:42:02
Казактардын көк парын чыгарып паар кылып тепкиле. Бул оюундун ээси ким экенин далилдеп.
+2
Medina87
2018-07-14 11:17:05
Казактар былтыры Орозо айындагы кокпарга Манас Ниязовду тизмеге киргизбей койгондо ызаланганым ай!!!
Эми ошол тизмени неге биздикилер оздору тузуп; Мисалы мыкты оюнчуларды тандап ; Мына биздин оюнчулар деп айпады?????
Казахстан ЭКСПО- 2017 ни откоробуз деп оздорунун оюнчуларынын утулуп калуусунан корккон!!
Мен коп жылдан бери Алматыда иштейм, гражданствого бесплатный возможность бергенде да мен албадым ( Уулум мектеп битирди казакша). Мен Кыргызмын и КЫРГЫЗ СТАТУСУМ ОЛГОНУМ
+2
ekaterinburg
2018-07-15 17:00:01
Достук,Биримдик,Ынтымак болсун!Атынарга затынар жарашып элибизге жениш тартуулагыла Кыргызымдын жигиттери!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан