Кыргыз футболчулар Астанада өткөн эл аралык мелдеште коло медалдарды тагынды

Футбол боюнча өспүрүмдөр (U-17) Кыргыз курама командасы Астананын акиминин кубогу аттуу эл аралык мелдешине катышып, коло медалдарды тагынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынан билдирди.

Аталган мелдеште Кыргыз жана Тажик курама командалары, казакстандык "Астана", "Иртыш" жана "Шахтёр" футболдук клубдары күч сынашты. Анда Игорь Никитиндин шакирттери тайпалык баскычта "Астана" футболдук клубунун үстүнөн 2:0 эсебинде жеңишке жетип, Тажикстан курамасы менен 1:1 эсебинде тең чыккан. 3-турда Кыргыз футболчулар "Иртыш" футболдук клубу менен кездешип тилекке каршы 0:3 эсеби менен жеңилип, топтогон упайлары аркылуу коло медалдар үчүн күч сынашканга мүмкүнчүлүк алды.

3-орун үчүн беттеште Кыргыз курамасы СДЮШОР-8 командасы менен кез келип, 5:0 эсебинде жеңишке жеткенге үлгүрдү. Муну менен Кыргыз курамасы Астананын акиминин кубогу үчүн өткөрүлгөн мелдештин коло медалынын ээси болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Medina87
2018-07-13 20:47:13
Куттуктайм!!!
Келечекте КЫРГЫЗСТАНдын желегин желбиретип АЛТЫН медальдарды алышынарга тилектешмин!!
Изгиляемся!!!!!!!!!!!
+1
Medina87
2018-07-14 06:57:02
Medina87
Ийгилик деп жазган элем.
+1
BekAmir
2018-07-14 01:10:49
Азаматтар
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан