200 миң доллар менен космоско барып келүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар "Blue Origin" компаниясынын сайтына таянып жазып чыкты.
Маалым болгондой, "Blue Origin" компаниясынын 6 орундуу "New Shepar" ракетасы менен космоско учууга мүмкүн болду. Ал эми космоско барып келүү үчүн билет баасы 200-300 миң долларды түзөт. Билеттер 2019-жылдын башынан тарта сатыкка чыгат. Учурда биринчи учуу качан болору тактала элек.
"New Shepard" ракетасы жерден 100 километр бийиктикке чейин көтөрүлүп, бир нече мүнөт мейкиндикте болгондон кийин кайра парашюттун жардамы менен жерге конот деп жазылат маалыматта.